ЖАҢЫЛЫКТАР 27.11.17.

27-11-2017 09:30

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өтөт. Анда “Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө”, “Мамлекеттик алым жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндѳгү” мыйзам долбоору да талкууга чыгат. “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндөгү” мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат. 

Депутат Тынчтык Конушбаев Бишкек – Кара-Балта жолун куруу маселеси 1,5 жылда араң дегенде тендерден өткөнүн айтып: “Бүгүнкү күнү эмнегедир эч кандай иштер байкалбайт. Тендерден эмне болгон компания утуп чыккан билишибиз керек”,- дейт.

                           СНХ.Т.КОНУШБАЕВ

Депутат Жыргалбек Калмаматов борбор калаадагы №12 мектепте мүчөлүк төлөм катары 5000 сомдон чогултулаарын, китеп, ремонт маселелериндеги каражат дагы ата-энелердин мойнунда экенин, бул боюнча арыздар келип түшкөндүгүн ортого салды.

                           СНХ.Ж.КАЛМАМАТОВ

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү Турдубаев мектеби келерки жылы курула турган обьектилердин тизмесине кирбей калган. Бул тууралуу депутат Рада Туманбаева көйгөйлөрдү санап, Өкмөттүн астына маселге койду.

                           СНХ.Р.ТУМАНБАЕВА

Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында 140 орундуу бала бакчанын каркасы гана туруп, курулуш токтоп калды деген шайлоочулардын кайрылуусу менен депутат  Бакирдин Субанбеков тааныштырды.

                           СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Депутат Максатбек Эгембердиев Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында бир катар мамлекеттик органдар балдар бакчалардын имаратына жайгашкандыгын айтып, бул жагынан иреттөө иштерин колго алуу керектигин Өкмөткө эскертти.

                          СНХ.М.ЭГЕМБЕРДИЕВ

Эл аралык парламент аренасында кандай жаңылыктар болуп жаткандыгына кабарчыбыз Бермет Жакыпбекова кызыгып көрдү.

                                       ТАСМА

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жамгыр аралаш кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын темперутарусы Чүй:0...+5, Ош, Баткен, Жалал-Абад +4...+9, Ысык-Көл: +1...+6 градус жылуу болот. Талас: -1...+4, Нарын -2...+3 градуска чейин жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27-ноябрда жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы +3...+5 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 400

Окшош жаңылыктар