ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.17.

24-11-2017 08:39

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкек шаарында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи  "Ала-Арча" резиденциясындагы "Эне-Сай" боз үйүндө саат 10:00дө башталат. Салтанатта Сооронбай Жээнбеков Кыргыз элине ант берип, ага мамлекет башчысынын күбөлүгү, төш белгиси тапшырылат. Азем аяктагандан кийин үч ирет артиллериялык залп атылат. Андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешинин имаратына барышат. Ал жерде ардактуу кароол катарга тизилип турат. Ардак кароолдун алдынан өткөндөн кийин эски жана жаңы президент мамлекет башчысынын иш бөлмөсүнө киришет.
Бул тууралуу маалыматтар менен Төрага Дастанбек Жумабеков да парламенттин кечээки олтурумунда тааныштырган.

                                СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Президенттин инагурация иш чарасына байланыштуу жол кыймылына да убактылуу чектөөлөр киргизилет,- деп билдирет Патрулдук милиция башкы башкармалыгы. Мындай автоунаа кыймылына чектөөлөр Чыӊгыз Айтматов, Манас жана Чүй проспектисинде болот. Патрулдук милиция башкы башкармалыгы жарандарды жаралган ыӊгайсыздыкка туура түшүнүүгө жана баруучу жерге ыӊгайлуу башка көчөлөрдү алдын ала тандап алууга чакырат.   

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов Президент Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл баатырын берүү сунушун парламенттин кечээки жыйынында демилгеледи. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев президент болгон жылдары өлкөдө туруктуулук орноп, таза шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул Борбор Азиядагы бийликтин демократиялык жол менен алмашуусунун алгачкы үлгүсү, - дейт эл өкүлү.

                                СНХ.С.НЫШАНОВ

Өлкө таза суу менен камсыздоонун көрсөткүчү болгону 55 гана пайыз. Же, 657 айылда таза суусу жок. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев маалымат берип, элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунуштады.

                               СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Жол кырсыктарынын көп учурлары Бишкек-Ош жолунда болуп жатканына депутат Исхак Пирматов токтолду. Ал мындай кырсыктарды азайтуунун жолу катары “Кербен” аэропортун жандантырууну сунуш кылды. Анын пикиринде, бул аэропорт аркылуу учууга төрт райондун 500 миңге чукул эли даяр. Бул иш-аракет жүзөгө ашса Бишкек-Ош жолундагы унаалардын саны азайып, жол бошоп, кырсык тобокелчилиги кыскармак.

                             СНХ.И.ПИРМАТОВ

Жол кырсыктары боюнча козголгон кылмыш иштерине депутат Улукбек Ормонов дагы кайрылып, эл ичинде чиновниктердин балдары катышкан жол кырсыктары боюнча кылмыш иштери тез эле жабылып калып жатканы калыстыкка жатпастыгын билдирди. Эл арасында мындай нааразычылыктар болбош үчүн жогорудагыдай кылмыш иштерди иликтөөнүн жыйынтыктарын парламентте кароо керектигин айтты.

                             СНХ.У.ОРМОНОВ

Алдыдагы 2018-жылы саясый репрессиялардын башталышына 80 жыл толот. Аталган репрессияда 22 миң адам атылган. Бул тууралуу тарыхый жагдайларга депутат Каныбек Иманалиев парламенттин кечээки жыйынында токтолуп, - “Ата-бабалардын эмгегин түбөлүккө калтыруу максатында репрессия курмандыктарын эскерип, алардын өздүгүн тактап, эмне үчүн курман болгондугу тууралуу китеп чыгарып, арбактарына багыштап куран окутуу зарыл. Бул иш-чараны бийик деңгээлде белгилешибиз керек”,- дейт.

                            СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

7-8-ноябрь күндөрүнүн ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилене тургандыгын кубаттаган депутат Зарылбек Рысалиев кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн сап башында турган Жусуп Абдырахмановдун эл-жерине жасаган иштерин тизмектеп, ага эң жогорку даражадагы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгарууну сунушуштады.

                           СНХ.З.РЫСАЛИЕВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 15...20, Ысык-Көл: 8...13, Нарын: 3...8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 18...20 градус жылуу болот. 

Көрүүлөрдүн саны : 406

Окшош жаңылыктар