Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 23-ноябрында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

23-11-2017 18:02

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында 1-окуудагы мыйзам долбоорлоруна добуш берилди.

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.05.17теги № 269 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.10.17теги № 721 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17теги № 623 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17теги № 622 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17теги № 621 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамына, Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Арапбаев А.А., Алимбеков Н.К., Шадиев А.А., Жапаров А.Ү., Нурбаев А.М., Сыдыков Б.Ү., Шайназаров Т.У., Шыкмаматов А.Н., Пирматов И.А., Конушбаев Т.К., Нурматов К.С., Айдаров С.А., Казакбаев Р.А., Матраимов И.И., Масабиров Т.А., Калмаматов Ж.А., Джураев С.М.).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 230

Окшош жаңылыктар