Латын арибине өтүүдөн чоочуркоонун кереги жок

22-11-2017 15:09

2022-жылга карата кыргыз, орус жана бир чет тилдерин мектеп программасынын деңгээлинде билген бүтүрүүчүлөрдүн саны 70 пайызга жеткирилет. Ал эми үч тилде сабак окуткан мектептердин эсеби 40 пайыздан кем болбош керек,- деген алгылыктуу иштер максатталууда. Бул багыттагы аракеттердин алгачкы кадамы да  ташталды. Негизги демилгечи депутат Талант Мамытов аталган темада “Парламент” радиосунун түз эфиринде болуп, ой бөлүштү.

Демилгечи депутаттын айтымында,  миграциялык агым заман шарын шарттап жаткан соң, тил билүү маданиятын балдар бакчасынан баштап, мектеп программасында жетиштүү өздөштүрүп калууга үлгүрүү керек. Бул үчүн каражат жана аракет керек, - дейт эл өкүлү.

Депутат Аида Касымалиева да радиоуктурууга катышып, көп тилдүү билим берүүдө электрондук китепканаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн билдирди. Ошол эле мезгилде коңшу өлкөлөр латын арибин колдонуп жатышканда, кыргыз эли да бул жөрөлгөдөн чоочуркабашы керектигин кошумчалады.                       

КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы РПКЖ институтунун  инновациялык борборунун директору Надира Жусупбекова да түз эфирде угармандардын суроолоруна жооп берип, маанилүү маалыматтар менен бөлүштү. Адистин айтымында, көп тилдүү билим берүүдө бир гана мугалимдин тил билүү дараметине гана эмес, ошол мугалимдин предметтик даярдыгына да биринчи иретте көңүл бурулат. Көп тилдүү билим берүүчү мектептерде окуп жаткан окуучулардан, балдар бакчаларындагы тарбиялануучулардан да маал-маалы менен тесттик текшерүүлөр алынып турат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 216

Окшош жаңылыктар