Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 22-ноябрында өткөн жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

22-11-2017 12:16

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 1,2,3-окууларда кабыл алынды.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын бириктирилген долбоору (демилгечилер – депутат Бокоев К.С. жана Өкмөт, 11.01.17деги № 15 токтом);

- “2017-жылдын 28-февралында Бишкек шаарында кол коюлган 2015-жылдын 31-мартындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.09.17деги № 620 токтом);

1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Өмүркулов И.Ш., Зулпукаров Т.З., Сурабалдиева Э.Ж., Джураев С.М., Примов У.Б., Мамытов Т.Т., Назаров А.К., Тулендыбаев П.Р., Байбакпаев Э.Ж., Асылбаева Г.К., Икрамов Т.И., Жутанов А.Т., Токторов А.С.);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.10.17деги № 688 токтом);

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.10.17деги № 677 токтом).

2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бокоев К.С.);

- “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – депутат Бекешев Д.Д.);

- “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж.К.);

- “2017-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Борбор Азиядагы жол катнаштарын жакшыртуунун сунушталган үчүнчү фазасын (CARs-3) (TF0A4647) даярдоо үчүн Европа жана Борбор Азия региондорунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонддун грантын берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 09.10.17деги № 655 токтом).

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 247

Окшош жаңылыктар