Жогорку Кеңеште Өзбекстан менен эки ратификациялык мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жиберилди

22-11-2017 11:55

Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эки ратификациялык мыйзам долбоору каралды:

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР Мыйзамынын долбоору;

- “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоору.

КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимовдун маалыматы боюнча биринчи ратификациялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын салык мыйзамдарынын өз ара мамилелерине жалпы ыкмаларды иштеп чыгуу максатында иштелип чыкты. Бул Макулдашуу эл аралык салык салуунун укуктук чөйрөсүндө пайда болуучу жалпы көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнүн бирдиктүү формасы болуп саналат.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын коргоо чөйрөсүндөгү өз ара мамилелерге байланыштуу маселелерди чечүү, чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартибин регламенттөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чек ара инциденттерин жөнгө салуу жана мамлекеттик чек арадагы шарттамды кармап туруу аталган макулдашуунун негизги максаты болуп саналаарын белгиледи.

Аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 160

Окшош жаңылыктар