Жогорку Кеңеш Төрагасы ADRA Кыргызстан агенттигинин социалдык долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөттү

22-11-2017 10:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ADRA Кыргызстан гуманитардык агенттигинин социалдык долбоорун ишке ашырууга  каржылык колдоо көрсөттү.

Аталган долбоордун алкагында Талас облусунун Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас райондорундагы орто мектептердин 1-11-класстарынын окуучуларына бут кийимдер берилди. Долбоордун максаты окуу жараяндарына окуучуларды тартуу маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу болуп эсептелет.

Андыктан Жогорку Кеңеш Төрагасы 16 тонналык көлөмдөгү жүктү аталган райондорго жеткирүүгө каржылык көмөк көрсөттү.

Белгилей кетсек, ADRA агенттиги өлкөдөгү окуучу балдарга мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелери аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүп келет.  

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 195

Окшош жаңылыктар