Социалдык фонддун 2017-жылдагы бюджетине өзгөртүү киргизүү демилгеси сунушталууда

15-11-2017 11:50

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга божомолу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

КР Социалдык фондунун 2017-жылга карата такталган бюджети – 48 млрд 145 млн сом же ал бекитилген бюджеттен 2 млрд 207 млн сомго көп түзүлдү. Такталган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү – 28 млрд 435 млн сом же 1 млрд 266 млн 425 миӊ сомго көбүрөөк белгиленди. Жыл башындагы каражаттардын калдыгы 2 млрд 388 млн 133 миӊ сом өлчөмүндө такталды. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын такталган көлөмүн кошуп эсептегенде 17 млрд 560 млн 55 мин сомду түзөт же ал 38 млн 83 миӊ сомго көп.

2017-жылы пенсиянын базалык бөлүгүн жогорулатууга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттарынан 263 млн 800 миӊ сомду убактылуу карызга берүү пландалууда.

Ал эми Соцфонддун чыгымдары 2017-жылга карата 46 млрд 635 млн 761 миӊ сом көлөмүндө такталды, бул бекитилген бюджеттен 700 млн 97 миӊ сомго көптүк кылат.

Ушул жылдын 1-октябрынын тарта пенсиянын базалык бөлүгү 280 сомго, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 8,2 пайызга жогорулатылды. Пенсиялар орто эсеп менен 516 сомго көбөйдү. Пенсияларды жогорулатууга кошумча 981000 млн сом жумшалат.

Өнүктүрүү фондунун чыгымдарын боюнча 10 млн сомго көбөйтүү сунушталууда. Бул каражат Соцфонддун кызматкерлерине социалдык-тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн зайым катары берилет.

Мындан сырткары, рублдин курсу жогорулагандыгына байланыштуу Пенсиялык жана социалдык фонддордун эл аралык ассоциациясына мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө чыгымдары 199 миң сомго көбөйдү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгымдары – 2 млрд 167 млн 451 миӊ сом, ал бекитилген бюджеттен 91 млн 881 миң сомго көп, Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондунун каражаты – 255 млн 237 миң сом же мурда бекитилгенден 9 млн 991 миң сомго көп такталды.

Ошондон улам, киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдагы Соцфонддун бюджетинин профицити бекитилген бюджеттеги 1 млрд 837 млн сомдун ордуна 1 млрд 509 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 89

Окшош жаңылыктар