Алкоголдук продукцияны өндүрүү көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функциялар өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу Администрациялык жоопкерчилик кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө

15-11-2017 10:15

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы боюнча КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев баяндама жасады.

Анын айтымында, КР Өкмөтүнүн токтому менен Мамлекеттик салык кызматынан Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо, этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу), лицензиялоо, этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча функциялары өткөрүлүп берилген. Ушуга байланыштуу КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.

Талкууда депутат Дастан Бекешев алгач мыйзам алдындагы укуктук-ченемдик акт чыгып, анан тиешелүү мыйзамды ага тууралоо практикасы туура эместигин баса белгилеп, бир жылдан бери мыйзам бузуулар боюнча айыппул салынбагандыгын сынга алды. Мындан сырткары, бир катар эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун демилгелөөнүн канчалык зарылчылыгы бар экенин белгилешти.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 63

Окшош жаңылыктар