Эмгек кодексине ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө демилге сунушталууда

15-11-2017 09:56

Жогорку Кеӊеште ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө максатында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар Д.Бекешев, И.Өмүркулов, А.Кодуранова, Г.Молдобекова, А.Баатырбеков, А.Алтыбаева.

Демилгечилердин бири Гүлкан Молдобекова КР Эмгек кодексине ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө боюнча жобо сунушталып жатканын билдирди. Мындай демилге Өкмөт тарабынан да колдоо тапкан.

Эске салсак, ноябрь айынын башында КР Президентинин «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» Жарлыгы жарыяланып, анда Жогорку Кеӊешке айрым ченемдик укук актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган. Ошондон улам, Жогорку Кеӊеш Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алып, майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылган.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 71

Окшош жаңылыктар