Көп батирлүү үйлөргө багытталган электр энергиясын башка объектилерге берүүгө багытталган мыйзам долбоору добуш берүүгө жолдонду

15-11-2017 09:49

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, Турак жай кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Электр энергетикасы жөнүндө”, “Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө” мыйзамдарга) 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады.

Мыйзам долбоору жер мамилелерин жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу төмөнкү ченемдерди киргизүү каралган:

- калктуу конуштардын жерлери категориясынын аймагында жерлердин башка категориялары болушу мүмкүн жөнүндө ченем;

- турак жана өнөр жай объекттериндеги бөлмөлөрдү кайра курууга шаар куруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жүргүзүү жөнүндө ченем;

- көп квартиралуу үйлөрдүн жашоочуларына (турак жайдын менчик ээлеринин шериктештерине) электр энергиясын башка турак, соода жана өнөр жай объекттерине берүүгө тыюу салуу жөнүндө ченем;

- турак жай менчик ээлеринин шериктештерине үйдүн тегерегиндеги участок жагынан кандайдыр-бир коммерциялык аракеттерди жасоого тыюу салуу жөнүндө ченем.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эске салсак, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Мирлан Бакиров, Адыл Жунус уулу, Иса Өмүркулов, Жыргалбекбек Турускулов, Махабат Мавлянова тарабынан демилгеленген.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 66

Окшош жаңылыктар