“Республика – Ата Журт” фракциясы фракция лидери Ө.Бабановдун арызын канааттандырды

14-11-2017 15:22

 “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясы 2017-жылдын 13-ноябрында кезексиз жыйын өткөргөндүгү тууралуу аталган фракциянын катчылыгы билдирет. Кезексиз жыйында фракция лидери Өмүрбек Бабановдун өз ыктыяры менен фракция лидерлигинен баш тарткандыгы тууралуу жазган арызы каралган.

Жыйынтыгында Өмүрбек Бабановдун өз ыктыяры менен “Республика – Ата Журт” парламенттик фракциясынын лидери кызматынан баш тарткандыгы  тууралуу жазган арызын канааттандыруу боюнча чечим кабыл алынган.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 192

Окшош жаңылыктар