ЖАҢЫЛЫКТАР 14.11.17.

14-11-2017 08:45

Бүгүн, 14-ноябрда Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитет «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019 – 2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карайт. Кыргыз Республикасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуунун долбоору да талкууга коюлат.   «Кыргызалтын» ААКнун өндүрүштүк филиалдарына жетекчилик кылуу боюнча иш аракеттери жөнүндө 2017-жылдын 7-мартындагы тармактык комитеттин чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат дагы бүгүнкү жыйын жүрүшүндө угулмакчы.

Кечээ, 13-ноябрда төрагасы Айтмамат Назаров баштаган Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанга келген Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясы менен жолугушту. Кытайдын тармактык комитетинин делегациясын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын аталган комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао жетектеп келди. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров Кытай парламентинин аталган комитетинин делегациясын жылуу кабылдап, алардын сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туш келгендигин белгиледи. Ошону менен катар Кытай коммунисттик партиясынын 19-сьездинин ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Комитет төрагасы агрардык өлкө саналган Кыргызстанда 65% эл айыл жергесинде отурукташкандыгын айтып, экономика жана социалдык маселелер айыл чарбасы менен тыгыз байланышта экенин билдирди. “Андыктан, айыл чарбасы, жаңы технологиялар, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо жаатында кызматташууга кызыкдарбыз”,- дейт А.Назаров. Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао делегация мүчөлөрү менен тааныштырып, эң ириде Кытай менен Кыргызстан жакшы кошуна жана стратегиялык өнөктөш экенин билдирди. Ал Кытайдын дүйнө жүзү боюнча эт, жумуртка, жер-жемиш, балык өндүрүүдө алдыңкы орунда турарын айтып, айыл чарбасында илим менен техника, жогорку деңгээлдеги технология пайдаланылаарына токтолду. Ошону менен катар Кытайдын айыл чарбасында жаңы доор башталганын, мурда санга көңүл бурса, эми сапатка маани берилип, экологияны сактоого өзгөчө басым жасалып жаткандыгын баса белгиледи. “Кытайдын “Бир алкак бир жол” концепциясынын негизинде эки элдин кызыкчылыгы үчүн айыл чарбасы жаатында кызматташууга даярбыз”,- дейт Го Гэнмао.

“Кумтөрдөн” алдык деген 7 млдр. долларлык кирешелердин артында канчалаган талашып-тартышуулар бар. Ал эми эмгек мигранттарынын жылыга которуп жаткан 3 млрд. доллары 20 жылда эле 60 млрд. долларды түзүп жатпайбы?! Демек, Кыргызстандын алтыны – “Кумтөр” эмес, эмгек мигранттары,- деди депутат Каныбек Иманалиев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Кыргыз миграттары баштагыдай болуп, көчө тазалоо, курулуш сыяктуу оор жумуштарда эмес, акыл эмгеги менен ийгиликти багыткан жакшы кызматтарда да иштеп жаткандыгы бизди кубантты,- дейт Ж.Акаев. Ошондой эле эл өкүлү,- “Инвестиция кылуу жагынан да кыргыз мигранттардын көз карашы улам заманбап калыптанып жаткандыгы да сүйүнттү”,- деди.

                             СНХ.Ж.АКАЕВ

Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жаӊы республикалык бюджет долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт. Иш чарага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат. Парламенттик угуу 17-ноябрь күнү саат 14.00го белгиленүүдө.

«Соттук чечимди аткаруучулардын макамы жана аткаруу өндүрүшү» жөнүндөгү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда алимент төлөөдөн качкан жарандарга чет өлкөгө чыгууга, аңчылыкка жана унаа башкарууга тыюу салынаары белгиленген. Эгер ал соттун чечимин аткарса гана коюлган чектөөлөр алынып салынат. Эгер жаран ууна айдап жан бакса, же майыптыгынан улам транспорт колдонсо жана карыздын көлөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн (миң сомдон) ашпаса ага чара колдонулбайт.

Депутат Тазабек Икрамов мектептерде ата-энелерден акча чогултуу чектен ашып баратканын айтып, Өкмөттү бул жагымсыз көрүнүштү көзөмөлдөөгө чакырды.

                             СНХ.Т.ИКРАМОВ

Жыл башында тармактык министрлик тарабынан баардык мектептер интернет менен туташтырылат деген маалымат таратылганын айткан депутат Музаффар Исаков,  интернет менен камсыздоо боюнча иш кайсыл деңгээлге келип калгандыгына кызыгып, Өкмөттөн маалымат сурады.

                            СНХ.М.ИСАКОВ

Депутат Дамирбек Асылбек уулу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Шапак мектебинин курулушу башталып бүтпөй жаткандыгына көңүл бурду. “Түп районунун борборунда курулуп жаткан спорттук залдын абалы деле ушундай. Бул курулуштарга каражаттардын бөлүнүшү боюнча маалымат бергиле”,- дейт эл өкүлү Өкмөткө кайрылып.

                           СНХ.Д.АСЫЛБЕК УУЛУ

Кечээ, 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты өттү. Маркумдун тажиясына Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламент депутаттары да катышты. Маркумдун эл өкүлү катары аткарган иштерин эске салган Төрага: “Улан Сапарбекович кыска өмүрүндө кыйла барандуу иштерди жасап, өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган алгылыктуу идеялардын башында турду. Депутат катары эл көйгөйүн көп көтөрүп, өз журту үчүн жан үрөп кызмат кылды. Андыктан, анын кылган эмгеги эч унутулбайт, эл эсинде түбөлүк сактала берет”, – деди. Маркумдун сөөгү ордо калаадагы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Кошумчалай кетсек, бөйрөк оорусуна байланыштуу шаардык бейтапканалардын биринде даарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин эки жолку чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаев 11-ноябрь күнү кечинде каза болгон.

                          АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 14-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан-чачындын жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:11...16, Талас: 10...15, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 12...17, Ысык-Көл: 8...13, Нарын:6...11 градус жылуу болот.  Бишкек шаарында бүгүн, 14-ноябрда Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 12..14 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 37

Окшош жаңылыктар