ЖАҢЫЛЫКТАР 13.11.17.

13-11-2017 09:01

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети кезектеги жыйынына чогулат. Анда «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине” сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү каралат. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору дагы талкууланат.  2017-жылдын 6-мартындагы “Билим алууга балдардын укуктары жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу жана сактоо маселелерин иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө” тармактык комитетинин чечиминин аткарылышы тууралуу маалыматар дагы угулмакчы.

Бишкек Жылуулук электр борборунда реконструкция жүрүп, 2 жаңы энергетикалык блок ишке киргизилди. Бүгүнкү күндө алар 50 пайыздык кубаттуулук менен гана иштеп жатат. Мындай маалыматты билдирген депутат Алтынай Өмүрбекова: “Кара-Кече көмүрү менен Бишкек ЖЭБин үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн Балыкчы - Кара-Кече темир жолун курууну каржылоону бөлүп-бөлүп болсо дагы ар жылы бюджетке киргизүү керек”,- дейт.

                               СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Кыргыз Республикасынын бажы биримдигине киргенден тартып өлкөгө күйүүчү-майлоочу майлар бажы алымысыз киргизилип жатат. Буга байланыштуу депутат Исхак Пирматов өз маалымат булактарына таянуу менен 2 аптага гана жете тургандай дизелдик майдын запасы калганын айтып, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоодо индикативдүү балансты сактабаган тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты.

                               СНХ.И.ПИРМАТОВ

Орус жергесинде мигрант катары иштеп жүргөн жарандарыбыздын пенсияга чыгуу курагына келип калгандары бир топ тоскоолдуктарга учурап жатышыптыр. Мисалы, пенсия алуу үчүн топтоло турган маалымкаттарды сурап мамлекеттик органдарга кайрылышса, ыкчам жооп ала алышпай, 3-6 айлап, ал тургай бир жылга чейин күткөн учурлар бар. Жөлөкпул алууга керектүү кагаздарды топтоодо деле ушундай эле көрүнүш,- дешет алыста жүргөн мекендештер ЖК депутаттары менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу депутат Каныбек Иманалиевдин “Парламент” радиосуна айткан маалыматтары: 

                              СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ

Депутат Жанар Акаев болсо, - элчиликтерде, консулдуктарда укуктук жактан кеп-кеңеш бере турган юрист адистер жектиштүү болсо деген мигранттардын суранычтарына токтолду. Ошондой эле ал,- “Жалпы эмгек мигранттардын жашоо-турмушун чагылдырган телепрограммалардын болушу кажет”,- дейт. 

                              СНХ.Ж.АКАЕВ

Депутат Аида Касымалиева Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында базарда өрт чыгып, анда иштеген мигранттарыбыздын контейнерлери менен кошо саткан товарлары, акча каражаттары күйүп кеткендигине токтолду. А.Касымалиева аларга ипотекаларын, насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү маселесин караштырууну сунуш кылды.

                             СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВА

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 13-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй:12…17; Талас:11…16; Ош, Жалал-Абад:16…21; Баткен: 15…20; Ысык-Көл: 10…15; Нарын: 7…12; Бишкек шаарында бүгүн, 13-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы 14...16 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 43

Окшош жаңылыктар