ЖАҢЫЛЫКТАР 10.11.17.

10-11-2017 08:54

Кечээ Жогорку Кеӊеште автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүү, жолдордун сапатын жогорулатуу жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылуу максатында даярдалган “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Анда жолдордун кепилдик мөөнөтүнүн 5 жылга чейин узартыла тургандыгы айтылат. “Эл аралык тажырыйбада болсо мисалы Россия, Кытай, Финляндия сындуу өлкөлөрдө кепилдик мөөнөтү 25-30 жылга чейин берилет.

Акыркы жылдары жол кырсыгы кескин көбөйдү. Соңку эки-үч күндө эле жыйырмадан ашуун киши каза болду. «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу керек. Өкмөт тезинен аны жүзөгө ашыруу чараларын колго алууга тийиш. Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊештин кечээки  жыйынында билдирди.

                                  СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Депутат Таалайбек Масабиров дагы ушул эле теманы улап, жол кырсыгын азайтуу үчүн айдоочулук күбөлүктү окутпай туруп берген мекемелерге чара көрүү керектигин билдирди.

                                    СНХ.Т.МАСАБИРОВ

Календарда кызыл деген майрам күндөрү жол кырсыктарынын өсүшү менен жүрөктү титиретти,- деген депутат Рыскелди Момбеков да апааттуу күндөрдө да мындай жоготуулар болгон эмес,- дейт.

                                    СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Афганистандагы 10 жылдык согушта кыргыз жоокерлеринин 300дөн ашыгы каза болсо, азыркы жол кырсыгы андан дагы коркунучтуу статистикаларды көрсөтүүдө. Бул тууралуу депутат Зарылбек Рысалиевдин сөзү:

                                   СНХ.З.РЫСАЛИЕВ

Автомобиль жолдорунун курулушуна келгенде тиешелүү нормалардын кандай сакталып жаткандыгына, кандай жаңы жаңы стандарттардын колдонула баштагандыгына депутат Алтынай Өмүрбекова кызыкты.

                                  СНХ.А.ӨМҮРБЕКОВА

Турак жай куруу жаатында иштеген компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатып, ишенимден чыккан курулуш компанияларынын тизмесин түзүү зарыл. Мындай чара өтө маанилүү. Анткени, көп компаниялар турак жай толук бүткөрүлө электе эле сатып жатышат. Жарандардын акчасын алып алып, турак жай курулушун өтө создуктурган фирмалар дагы жок эмес. Бул тууралуу маселени депутат Марат Аманкулов Жогорку Кеӊештин кечээки жыйынында айтып чыкты.

                                 СНХ.М.АМАНКУЛОВ

                              АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 10-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Талас: 6...11, Ош, Жалал-Абад, Баткен:11...16,  Нарын:5...10 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 10-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет.  Абанын температурасы 8...10 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 44

Окшош жаңылыктар