ЖАҢЫЛЫКТАР 09.11.17.

09-11-2017 08:34

Жогорку Кеңеш бүгүн, 9-ноябрдагы жыйынында адаттагыдай эле адеп “Ар кандай маселелер”  саатына орун берет.  “Автомобиль жолдору жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү  карайт. “Электр энергетикасы жөнүндө”мыйзамдын долбооруна да бүгүнкү олтурумда экинчи окууда көңүл бурулат. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууланмакчы.

Ушул ноябрь айынын 12-15- числолорунда Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин делегациясынын келиши мерчемделүүдө. Делегацияны Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйынынын аталган комитетинин төрагасынын орун басары Го Гэнмао жетектеп келет. Кытай парламентинин тармактык комитетинин делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Кытай парламентинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Делегация курамында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр Жыйнынын (БКЭЖ) Айыл чарбасы жана элет жергесинде иштөө боюнча комитетинин мүчөлөрү Го Цзюньбо жана Ли Дэнхай, аталган комитеттин Аппаратынын изилдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Цзя Цзин, аталган комитеттин Аппаратынын кызматкери Жэнь Цянь бар.

Кечээ, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин парламенттик фракцияларынын лидерлери Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Коммунисттик партиясынын (КП) Борбордук комитетинин (БК) Эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шэнь Бэйли менен жолугушту. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына туура келгендигин айтып, бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда кызматташуу динамикалуу түрдө өнүгүп баратканын, эки мамлекет ортосунда эч кандай ача пикирлер жоктугун белгиледи. Ошону менен катар Иса Өмүркулов Кыргызстанда жакында эле олуттуу саясый иш-чара – Президенттик шайлоо болуп өткөндүгүн, ага бир топ эл аралык байкоочулар жогору баасын бергендигин кошумчалады. Ал эми сөз кезегин алган КЭР КП БК Эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысынын орун басары Шэнь Бэйли айым Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кытай компартиясы менен Жогорку Кеңеш, саясый партиялар өз ара түшүнүшүү принциптеринин негизинде тыгыз кызматташып келе жаткандыгын айтты. Ошондой эле социалдык, экономикалык, гуманитардык тармактарда жигердүү кызматташуу болуп келгендигине токтолуп, 25 жыл ичиндеги эки мамлекет башчылары тарабынан жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу керектигин билдирди. Анын айтуусунда, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга саясый партиялар өзгөчө ролду ойнойт. Мындан сырткары, ал жакында саясый партиялардын ортосунда кызматташуу багытында эл аралык форум өткөрүлө тургандыгын маалымдады. Иса Өмүркулов ири жана локалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чара өткөрүү зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ал жогорудагыдай форум, диалог сындуу иш-чараларда экстремизм жана терроризм сыяктуу көйгөйлүү маселелер ийне-жибине чейин талкууланышы керектигин кошумчалады. Белгилей кетсек, жолугушууга “Республика – Ата Журт” фракциясынын жетекчисинин орун басары Талант Мамытов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов катышты.

Депутат Бакирдин Субанбеков парламенттин кечээки олтурумунда жол кырсыктарынын кесепеттери тууралуу маселеге кайрылып, соңку 4 күндүн ичинде жол кырсыгынан 20дан ашык кишинин  каза болгону жүрөк титиретээрин билдирди. Ошондой эле депутат,- "Союздун убагында 3-4 адам каза болсо, жооптуу кызматкерлерге чара көрүлчү эле. Кайдыгер болбой абалга көңүл буралы", - деген чакырык таштады.

                     СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттерине "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча каражат табуу тапшырмасын берүүнү депутат Дастан Бекешев  сунуштады.

                    СНХ.Д.БЕКЕШЕВ

Депутат Кожобек Рыспаев желим бөтөлкөлөр менен полиэтилен баштыкчаларын кайра иштетүү жагдайлары кандай?- деген суроону коюп, экологияны коргоо багытында аткарылып жаткан иштердин жагдайына кызыкты.

                    СНХ.К.РЫСПАЕВ

Депутат Чыныбай Турсунбеков экологиялык коопсуздук маселелерин талкуулоо учурунда акыркы мезгилде  дем алуу органдарынын оорулары өсүп,  өпкө ооруларынан жабыркагандардын саны көбкөйүп жатканын айтты. Андан соң ал шаарды каптаган түтүн жөнүндөгү өзү жазган ырын окуп берди. 

                   СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Армияда кызмат өтөө маанилүү милдет. Андыктан, уландарыбызды армияга чакырууга стимул берүү үчүн алардын жогорку билим алуусуна шарт түзүү зарыл. Бул багытта демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору парламенттин кечээки жыйынында каралды. Талкууда депутат Алмазбек Эргешов, - чет мамлектетерде армияга барган уландар гранттардын эсебинен акысыз окутула тургандыгын билдирди.

                     СНХ.А.ЭРГЕШОВ

Депутат Үмбеталы Кыдыралиев болсо альтернативдик негизде армияда кызмат кылгандар кандай жеңилдиктерден колдоно алышат,- деген суроону койду.

                    СНХ.Ү.КЫДЫРАЛИЕВ

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 9-ноябрда Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачындын жаашы күтүлөт. Чүй, Ысык-Көл облустарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:12...17, Ош, Жалал-Абад:14...19 Баткен:15...20, Ысык-Көл 9...14,Нарын: 7...12 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 9-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с чейин жетет. Абанын температурасы 15...17 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 38

Окшош жаңылыктар