ЖАҢЫЛЫКТАР 08.11.17.

08-11-2017 08:51

Жогорку Кеңеш бүгүн, 8-ноябрдагы жыйынында “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда карайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат.“Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору да бүгүнкү жыйындын кароосунда.

Кечээ, 7-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, жаӊы шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеӊеш Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков жана Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаевалардын катышуусу менен “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын алкагында 1916-жылдагы жана саясий репрессиялардын курмандыктарына, Чыӊгыз Айтматов менен 2010-жылдагы Апрель элдик революциясында каза болгондордун урматына арналып тургузулган, мемориалдык комплекстерине гүл чамбарлар коюлду. Андан тышкары,ата-бабалардын арбактарына багышталып куран окулду.

17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын көмөгү менен төмөнкү мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт. Анда  «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралат. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.дагы талкууланат. «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбооруна да көңүл бурулат. Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Бишкек мэриясынын 247-буйругу чыгып, жылуулук берүү иши 17-октябрдан башталсын,- деп белгиленген. Бул тууралуу “Парламент” радиосунун түз эфиринде болгон Бишкек жылуулук тармактар ААК башкы директору Эркин Абдыкалыков күн жылуу мезгилде берилген жылуулук үчүн төлөмдөр күн сууктагы колдонулган тарифтерден айырмаланып турат, - дейт.

                         СНХ.Э.АБДЫКАЛЫКОВ

Чек арадагы абалга байланыштуу көмүр наркы көтөрүлүп кетти дегендер бар. Бирок, көмүрдүн өндүрүлгөн баасы акыркы 5 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Анын сортуна жараша баасы кен чыккан жерде 1200-1300 сомдон. Айта кетиш керек, көмүр баасын тескей турган “Кыргызкөмүр” ишканасы эмес. Баа саясатына келгенде антимонополиялык комитет жооп берет,- дейт “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Надырбек Бекжанов.

                          СНХ.Н.БЕКЖАНОВ  

Быйылкы кыш мезгилинде элде электр жарыгы боюнча көйгөй жаралбайт. Маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу Улуттук Энергохолдинг ААК башкармалыгынын төрагасынан биринчи орун басары Нурлан Садыков.

                          СНХ.Н.САДЫКОВ

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 8-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы Чүй,Талас:12...17; Ош, Жалал-Абад, Баткен:14...19; Ысык-Көл, Нарын: 7...12; Бишкек шаарында 14....16 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 54

Окшош жаңылыктар