Энергетика тармагында көйгөй жаралбайт,- дешет адистер

03-11-2017 14:33

Бишкек мэриясынын №247-тескемеси чыгып, жылуулук берүү иши 17-октябрдан башталсын,- деп белгиленген. Бул тууралуу “Парламент” радиосунун түз эфиринде болгон Бишкек жылуулук тармактар ААК башкы директору Эркин Абдыкалыков билдирди. Ошондой эле ал, -" Күн жылуу мезгилде берилген жылуулук үчүн төлөмдөр күн сууктагы колдонулган тарифтерден айырмаланып турат", - дейт "Парламент" радиосунун түз эфиринде болуп.                                     

Чек арадагы абалга байланыштуу көмүр наркы көтөрүлүп кетти дегендер бар. Бирок, көмүрдүн өндүрүлгөн баасы акыркы 5 жылдан бери эч өзгөргөн жок. Анын сортуна жараша баасы кен чыккан жерде 1200-1300 сомдон. Айта кетиш керек, көмүр баасын тескей турган “Кыргызкөмүр” ишканасы эмес. Баа саясатына келгенде антимонополиялык ведомство жооп берет,- дейт ошол эле радиоуктурууга чакырылган “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Надырбек Бекжанов.                       

Быйылкы кыш мезгилинде элде электр жарыгы боюнча көйгөй жаралбайт. Маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт,-дейт Улуттук Энергохолдинг ААК башкармалыгынын төрагасынан биринчи орун басары Нурлан Садыков радиоугармандардын суроолоруна жооп берип. Ошондой эле ал, - жаңы конуштарды трансформаторлор менен камсыздоо иши бир гана энергетиктердин милдети эмес, бул жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип иш алып баруудабыз,- деп түшүндүрдү.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 154

Окшош жаңылыктар