ЖАҢЫЛЫКТАР 03.11.17.

03-11-2017 08:51

Кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңеш 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматын эске алды. Ошону менен катар кышка камылганы дагы жакшыртуу жаатында эл өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен бир катар тапшырмаларды белгиленген Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Айылдын бюджетине туура келген көмүр баасын кармап бериңиздер. Бул тууралуу талапты Төрага Дастанбек Жумабеков парламенттин кечээки жыйынында өкмөттүн алдына койду.

                         СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Өлкөдө кышка карата даярдык көрүүгө республикалык бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу кечээ, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Анын айтымында, 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүүгө бюджеттен 3 миллиард 41 миллион 700 миң сом каралган. “Быйыл Токтогул ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык”, - деди Зилалиев. Ошону менен катар эле вице-премьер-министр “Акылдуу эсептегичтерин” орнотууга өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгиледи. “Бул маселе боюнча айрым кыйынчылыктар да жок эмес. “Акылдуу эсептегичтердин” маркасы менен программалары ар түркүн болгондуктан, аларды бир тутумга бириктирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Ошондон улам электр эсептегичтерди өзүбүздө чыгаруу чараларын колго алганы турабыз”, - деди ал.

Депутат Төрөбай Зулпукаров өлкөнүн түштүк аймагында көмүрдүн баасы жогору экенин белгиледи. “Өткөндөгү жыйында өкмөткө көмүрдүн баасы 9-10 сом болуп кымбаттаганы боюнча кайрылгам. Өкмөт аракет кылып бааны 6-7 сомго төмөндөттү. Бирок мындай баа деле кымбат. Былтыр көмүрдүн баасы 4 сом болгон”, - деп Зулпукаров Зилалиевге кайрылды.

                            СНХ.Т.ЗУЛПУКАРОВ

Депутат Аскарбек Шадиев Бишкек шаарынын айрым аймактарында жылуулук жок. Бул эмне аба ырайынын жылуулугунан пайдаланылган үнөмдөөбү? -деген суроону койду.

                            СНХ.А.ШАДИЕВ

Тоолуу аймактарга кирген Нарын облусуна, Чаткал менен Чоң-Алай райондоруна электр энергиясындагы лимиттерди көбөйтүү маселеси каралып жатат,- дейт вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев.  Бүгүнкү күндө тийиштүү тармактар маселени карап, жакында өкмөткө киргизет. Өзгөчө Нарын облусунан, Чаткал менен Чоң-Алай райондорунан лимиттерди көбөйтүү боюнча сунуштар келип түшкөн", - деди вице-премьер-министр. Ошондой эле ал Кыргыз мамлекетинде күз-кыш мезгилинде электр энегияны маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын айтты. Анын айтымында, учурда ГЭСтердин абалы туруктуу.

КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды. Эске салсак, тармактык комитеттин мурдагы төрайымы Асел Кодуранова өз ыйгарым укуктарын токтотуу менен, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басарлыгына шайланган. Канат Керезбеков 1970-жылы Нарын областынын Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин, 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аспирантурасын, 2008-жылы Урал мамлекеттик юридикалык академиясынын докторантурасын бүтүргөн. 2005-2017-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору болуп иштеген. Ал эми 2017-жылы КСДП партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеӊештин депутаты болуп шайланган.Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи. Юридика илимдеринин доктору, профессор. «Даӊк» медалы сыйланган.

                    АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 3-ноябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Абанын температурасы Чүй: 17...22, Талас:16...21, Ош, Жалал-Абад:21...26, Баткен: 20...25, Ысык-Көл:13...18, Нарын:14...19, бийик тоолуу райондордо 0...5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында  кечке жакын жамгыр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 20…22° жылуу болот. 3-ноябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын жумушун жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

 

Көрүүлөрдүн саны : 62

Окшош жаңылыктар