17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети жаӊы республикалык бюджет долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт

17-11-2017 09:09

17-ноябрда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети БУУӨП менен Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча башкармалыгынын көмөгү менен төмөнкү мыйзам долбоорлорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өткөрөт:

1. «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.

2. «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору.

3. «КР Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору.

Парламенттик угууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылат.

Өтүүчү орду жана убактысы:

Жогорку Кенештин жыйындар залы. 2017-жылдын 17-ноябры, саат 14:00. Катышуучуларды каттоо 13:30да башталат.

Кошумча маалымат алуу жана катышуучуларды алдынала каттоо телефондору: 63-89-10, 63-92-24, 69-92-67.

Көрүүлөрдүн саны : 253

Окшош жаңылыктар