Өкмөттүн кышка камылгасына карата бир катар тапшырмалар белгиленген Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды

02-11-2017 12:30

Жогорку Кеӊеште 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо маселеси каралды. Жыйынга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, быйыл кышка даярдык өз деӊгээлинде болду. «Кышка карата даярдык көрүүгө республикалык бюджетте 3 млрд 41 млн 700 миӊ сом каралса, азыр 2 млрд 200 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп берилди. Быйыл "Токтогул" ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык. Жергиликтүү көмүрдү пайдалануу менен бирге, ушу тапта Казакстандан да көмүр келе баштады», - дейт ал.

Суроо-жооп маалында жер-жерлердеги бала-бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын кышка даярдыктары такталды. Ошону менен катар карапайым калк үчүн көмүр менен камсыздоо, көмүр баасын турукташтыруу маселелери дагы курч көтөрүлдү. Талкуу жүрүшүндө республиканын аймактарында көмүрдүн баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат сатылып жаткандыгы, ага спекулятивдик фактор дагы себеп болуп жаткандыгы айтылып, көмүрдүн баасынын кымбаттап кеткендигине байланыштуу КР Өкмөтүнүн атайын токтому даярдалып, жөнгө салынаары белгилүү болду.

Ошону менен катар эл өкүлдөрү кыштын карааны көрүнө электе эле айрым жерлерде трансформатордук подстанциялар аварияга учурап жатканы сынга алып, кышында карапайым эл электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздалабы деген тынчсызданууларын билдиришти. Өкмөттүн тиешелүү өкүлдөрү мындай авариялар боюнча фактылар катталганын, бирок ал подстанциялар кыска убакыттын ичинде оңдолуп, ишке киргизилгенин маалымдашты.

Жыйын жүрүшүндө жаратылыш кырсыгынан жапа чегип, үйлөрү кыйраган жарандардын кышка даярдыгы, алардын айрымдарына салынып жаткан үйлөрдүн бүтпөй жаткандыгы боюнча суроолор берилди. КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов алар үчүн мобилдик турак үйлөр даяр экенин билдирди. Ошону менен катар табыгый кырсыктан жабыркагандарга жеңилдетилген ыкма менен ипотека берилип жаткандыгы айтылды.

Жыйынтыгында 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматы эске алынды. Ошону менен катар кышка камылганы дагы жакшыртуу жаатында эл өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин эске алуу менен бир катар тапшырмалар белгиленген Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1070

Окшош жаңылыктар