ЖАҢЫЛЫКТАР 02.11.17.

02-11-2017 08:45

Бүгүн, 2-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун карайт. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору да талкууланмакчы.  

КСДП парламенттик фракциясынын өкүлү Кодуранова Асел Союзбековна Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайланды. Бул тууралуу эсептөө комиссиясынын төрайымы, депутат Гүлкан Молдобекованын жыйынтык сөзү:

                              СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА                             

Туризм тармагына шарт түзүү инфраструктураны жакшыртуу менен колго алынат. Бул тууралуу маселе көтөргөн Төрага Дастанбек Жумабеков жолдорду оңдоо зарылчылыктарын атады.

                             СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Туризм тармагы бюджетти толтуруунун бир булагы. Бирок, тейлөө шартына келгенде нааразычылык айткан туристтер кезигет. Муну аэпорттогу бир көрүнүш менен байланыштарган депутат Бакирдин Субанбеков болду.

                             СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Жогорку Кеңештин кечээки 1-ноябрдагы жыйынында “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Ага ылайык, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы иштерди толук кандуу координациялоону камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу органды аныктоо функциясын КР Өкмөтүнө берүү каралган. Талкууда депутат Экмат Байбакбаев мыйзам долбоору адам сатуунун кесепеттери менен күрөшүүгө багытталгандыгын айтып, ал эми анын алдын алуу жаатында эмне иштер жүрүп жатканына кызыкты.

                             СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-каражаттары жана мециналык техникалар боюнча департаменти 2012-жылдан бери карай мыйзамсыз иштеп жатат. Бул тууралуу бир топ аргументтерди мисалга келтирип, ЖК депутаты, Социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Аида Исмаилова кечээ, 1-ноябрдагы “Парламент” радиосунун түз эфиринде буларды билдирди.

                            СНХ.А.ИСМАИЛОВА

Маданият тармагындагы адистерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүгө келгенде, борбордогу өнөр адамдары гана батыраак көзгө көрүнүп, ал эми аймактардагы таланттар көп деле эске алынбай жаткандай ой калтырат. Ушул жагына көңүл бурууга чакырат элем,- дейт депутат Карамат Орозова, парламенттин кечээки жыйынында КР маданият министрине суроо салып.

                           СНХ.К.ОРОЗОВА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 2-ноябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 мертге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас,Ош, Жалал-Абад, Баткен:23...28; Ысык-Көл, Нарын:14...19, бийик тоолуу райондордо 3...8 градус жылуу болот. ​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 26…28 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 64

Окшош жаңылыктар