ЖАҢЫЛЫКТАР 01.11.17.

01-11-2017 08:54

Бүгүн, 1-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш ноябрь айынын календарлык планын бекитет. “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карайт. Жерди пайдалануу жаатындагы айрым мыйзам актыларына да өзгөртүүлөр сунушталууда. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору да бүгүнкү жыйындын кароосуна  киргизилүүдө.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кечээки, 31-октябрдагы жыйынында депутат Азамат Арапбаев коңшу өлкө тарабынан чек арадагы көзөмөлдүн күчөтүлүшү ишкерлерге өтө оорчулук келтирип жатканын белгилеп: “Кыргызстан мүчөлүк кылган ЕАЭБде министрлик рангдагы эки өкүлүбүз  бар. Бирок, чек арадагы абал курчугандан бери 21 күн өткөнүнө карабай, алардын эч кандай аракети байкалбайт. Эмне үчүн алар аталган маселени көтөрүшпөйт?” – деген суроо салып, болбосо эки өкүлдү чакыртып алуу керектигин айтты. Андан тышкары, депутат күйүүчү май таңсыктыгы жаралбаш үчүн келерки жылга болжолдуу керектеле турган көлөмдү көбөйтүү зарылчылыгын эскертти. Анткени, Россия жакынкы аралыкта күйүүчү майга бажы салыгын киргизүүнү көздөп жатканын, эгер бул ишке ашып калса наркы кымбаттап кетээри айтылды.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна КСДП парламенттик фракциясынын депутаты Асел Кодуранованын талапкерлигин жактырды. Ал ушу тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы болуп иштейт. Эске салсак, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Депутат Рыскелди Момбеков, -  2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, басылып чыккан китептердин баасы кымбат, - дейт. Эл  өкүлү бул жерде коррупциянын арааны ачылып тургандыгын жаап-жашырууга болбостугун айтып, ишти кылдат иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.Аны тармактык комитеттин төрайымы Г.Молдобекова жетектейт. Ал эми жумушчу топтун курамына депутаттар Р.Момбеков, Т.Икрамов, Д.Төрөкулов, А.Самигуллина,А.Исмаилова кирди.

Депутат Садык Шер-Нияз 25-октябрдан 3-ноябрга чейин Лос-Анжелесте өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк Азия тасмаларынын III фестивалына катышууда. Анда Кыргыздын "Саякбай", "Кентавр", "Мунабия" тасмалары көрсөтүлүүдө.  Иш чарага Голливуд актрисасы Анжелина Жоли да келип, "Азиялык киночулар менен баарлашып, жакындан таанышайын”,- дептир.  Атагы алыска кетсе да анын  абдан жөнөкөйлүгүн белгилеген Садык Шер-Нияз аны Кыргыз өлкөсүндө өтө турган Көчмөндөр оюнуна да чакырды. Айтмакчы, 3- Бүткүл көчмөндөр оюндарына алдыдагы жылдын бюджетинен карала турган каражаттардын өлчөмү тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев буларды билдирди.

                    СНХ.А.КАСЫМАЛИЕВ

Депутат Зиядин Жамалдинов  тарых изилдөө институтун түзүүнү сунуштоодо. Кыргыздардын тарыхы көбүнчө VII кылымга чейин гана изилденгенин айткан демилгечи депутат,- “VII кылымга чейинки тарых жетиштүү деңгээлде изилденген эмес. Ошондуктан тарых изилдөө институтун түзүүнү сунуштайм. Буга 48 миллион сом керектелет. Бул сумма мамлекеттик бюджет үчүн анчалык деле оорчулук келтире турган сумма эмес”, - дейт.

                    СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары майрамдоо жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоорун парламенттин бир топ комитетттери жактырды. Анткени, жакында эле ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары майрамдоо тууралуу КР Президентинин Жарлыгы жарыяланып, анда Жогорку Кеӊешке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган.Талкууда депутат Исхак Масалиев каршы пикирин билдирди.

                   СНХ.И.МАСАЛИЕВ

Депутат Иса Өмүркулов Октябрь революциясынын күнү кала бере турганын  белгилеп,- «Аны эч ким жокко чыгарган жок. Кеп ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө болуп жатат. Мында жалпы улуттун жалпы тарыхы, 1916-жылдагы Үркүн менен 1937-жылдагы кандуу репрессиянын курмандыктары камтылган», - дейт эл өкүлү.

                   СНХ.И.ӨМҮРКУЛОВ

                АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 1-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад: 23…28; Баткен: 22…27; Ысык-Көл, Нарын: 13…18; бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 1-ноябрда күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 26…28 градус жылуу болот. Шашылыш билдирүү: Кыргызстандын аймагында 3-4-5-ноябрда аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. 3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Күн суук болот. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда мал багууну кыйындатат.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 66

Окшош жаңылыктар