ЖАҢЫЛЫКТАР 31.10.17.

31-10-2017 08:42

Бүгүн, 31-октябрда Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет “Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда  жылуулук менен камсыздоону жакшыртууну Каржылоо жөнүндөгү" макулдашуу долбоорун карайт. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө да көңүл бурулат. “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да биринчи окууда талкууланат.

«Электр энергетикасы жөнүндөгү»  мыйзам долбоорун Отун-энергетика жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитет бүгүнкү, 31-октябрдагы жыйынында экинчи окууга  алып чыгат. Ошондой эле «2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндөгү» маалымат дагы угулмакчы.

Бюджет жана финансы боюнча комитет кечээки, 30-октябрдагы олтурумунда «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Соцфонддун төрагасы Теӊизбек Абжапаровдун айтымында, Социалдык фонддун 2016-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 47 млрд 700 млн сомдон ашкан, мындайча атканда, ал 2015-жылга салыштырмалуу 3 млрд 19 млн сомго көптүк кылат же киреше ички дүӊ өнүмдүн 9,8 пайызын түзөт. Талкууда депутат Сайдулла Нышанов баштаган бир катар эл өкүлдөрү азыркы учурдагы пенсиянын эӊ жогорку жана эӊ төмөнкү чегине кызыкты.

                              СНХ.С.НЫШАНОВ

Депутат Зиядин Жамалдинов Каржы полициясынын, Мамлекеттик Бажы кызматынын айлык маяналары жакшы. Пенсияга чыккандары деле нааразы эмес,- дейт. Ошол эле убакта ал, - мугалимдер менен медиктердин айлыгы менен пенсиясы абдан эле төмөн экендигин белгиледи.

                             СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ

Кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүүгө жана тиешелүү мыйзамдагы айрым бир карама-каршылыктарды жоюуга багытталган «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн Жогорку Кеӊеш биринчи окууда кабыл алып берген. Кыргыз кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевдин айтымында  учурда Атай Огомбаев, Бексултан Жакиев тууралуу кинотасмалар  тартылууда. Муну маданият жана тархы жылынын алкагында жасалган иштердин бири катары караса болот.    

                             СНХ.М.БЕКТЕНАЛИЕВ

Депутаттар Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева жана Жанарбек Акаев Россия Федерациясынын Краснодар шаарындагы мекендештер менен жолугушуп, алардын акыбалынан кабар алды. Журтташтар өзүлөрүнүн жетишкендиктери жана көйгөйлөрү тууралуу депутаттарга айтып беришти.Алсак, аталган шаарда төрт миңдей кыргызстандык бар. Эл өкүлдөрү Краснодардагы кыргызстандыктар менен бирге мигранттарды колдоо максатында 2013-жылы кабыл алынган “Чет жердеги мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизи” тууралуу мыйзамын аткарылышын талкуулашты.  Натыйжада аталган мыйзамдын айрым беренелери талапка жооп бербей тургандыгы айтылып, депутат Каныбек Иманалиев мигранттардын иш жагдайын, жашоо-турмушун жакшыртуу багытында айтылган сунуштарды эске алуу менен мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирди.  Андан тышкары, мекендештер пенсия маселесинин да курч экендигине токтолушту. Буга жооп катары депутат Аида Касымалиева Түркияда иштеген мекендештерге берилген мүмкүнчүлүктөй эле Россия Федерациясындагылар үчүн да мекенге кайтканда социалдык фондко чегерген акчасын тоскоолдуксуз алуу боюнча маселени чечүү керектигин кошумчалады.  Ал эми айлык акысын ала албай жаткан мигранттардын көйгөйлөрү да тиешелүү мекеме жетекчилерине айтылары белгиленди.

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 31-октябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз жаан жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 20…25; Талас:19…24; Ысык-Көл:14…19; Нарын: 12…17; бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 23…25 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 68

Окшош жаңылыктар