Улуттук тилди өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражатттардын өздөштүрүлүшүн жумушчу топ иликтейт

30-10-2017 18:19

“2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 500 млн. сом бөлүнгөн менен, анын 142 млн. сому гана өздөштүрүлгөн. Аны Каржы министринин орун басары тастыктап берди”, - деген депутат Рыскелди Момбеков,- “Бөлүнгөн каражаттын көбү Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият министрлигине тийип, Улуттук тил комиссиясы 2-3 млн. сомго араң жеткен. Алдыдагы жылдын бюджетин кароодо калпыстык кетирбей, калыстыкты камсыздайды”,- деп тармактык комитетке протоколдук тапшырма берүүнү парламенттин 14-сентябрдагы жыйынында айтып чыккан.

Ошол протоколдук тапшырманын айланасында аткарылып жаткан иштер Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 30-октябрдагы жыйынында каралды.

Бул багытта депутат Рыскелди Момбеков маалымат берип,  2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык, басылып чыккан китептердин баасы кымбат, - дейт. Эл  өкүлү бул жерде коррупциянын арааны ачылып тургандыгын жаап-жашырууга болбостугун айтып, ишти кылдат иликтеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Жыйындыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык жүргүзүлгөн иштерди тармактык комитеттин төрайымы Г.Молдобекова жетекчилик кылган жумушчу топ тыкыр иликтөөгө алмак болду. Жумушчу топтун курамында депутаттар Р.Момбеков, Т.Икрамов, Д.Төрөкулов, А.Самигуллина,А.Исмаилова бар.

Көрүүлөрдүн саны : 84

Окшош жаңылыктар