ЖАҢЫЛЫКТАР 30.10.17.

30-10-2017 09:33

Бүгүн, 30-октябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу, баатыр Каба уулу Кожомкул жөнүндө толук метраждуу көркөм фильмге мамлекеттик заказ тууралуу” токтомдун аткарылышын карайт. “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да ушул эле комитеттин талкуусуна чыгат. Андан тышкары “Кыргыздардын байыркы тарыхы мамлекеттик илим-изилдөө институтун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна да көңүл бурулат. Республиканын мектепке чейинки билим берүүчү жана жалпы билим берүүчү уюмдарынын имараттарынын курулушунун жүрүшү тууралуу маселе да ушул эле тармактык комитеттин кароосуна коюлмакчы.

“Кыргызстан” фракциясы жаңы окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 20-сентябрга жылдыруу боюнча демилгенин алкагында фракциянын кабыл алган чечиминин аткарылышы тууралуу маалыматтарды укту. Бул багытта Билим берүү жана илим министри Гульмира Кудайбердиева буларды белгиледи.

                                СНХ.Г.КУДАЙБЕРДИЕВА

Эстония Европада билим берүүнүн сапатын жогоруталуу жагынан 5-орунду камсыздаган. Алар буга мектептерге децентрализация укуктарын берүү менен жетишкен, - деген депутат Абдывахап Нурбаев, - эл аралык тажрыйбалардын мындай үлгүлөрүнөн көп нерсени үйрөнсө боло тургандыгын айтты.

                                СНХ.А.НУРБАЕВ

“Эл өкүлдөрү тарабынын аткаруу бийлигине көптөгөн суроо-талаптар жолдонот. Бирок келген жооптор түшүнүксүз”,- дейт депутат Сайдулла Нышанов. Ал буга мисал катары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Беш-Бадам айылындагы авариялык мектептин ордуна жаңы мектеп салабыз деген убадалардын аягы табылбай, жылда тил эмизүүлөрдөн арылбаган көрүнүштөрдү сынга алды.

                               СНХ.С.НЫШАНОВ

Депутат Тазабек Икрамов диний мекемелерди коммерциялык уюм болбогондон кийин электр кубатына болгон төлөмдөрдү төлөөдө аларды өнөржай категориясынан чыгаруу зарыл,- деп, өкмөткө протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

                              СНХ.Т.ИКРАМОВ

КСДП парламенттик фракциясы Кыргызстанда 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү жөнүндө токтом долбоорун жактырды. 7-ноябрь – Улуу октябрь социалисттик революциясынын жеңиш күнүн мурдагы 15 союздук республиканын ичинен Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасы гана белгилеп келе жаткандыгы, бүгүнкү күндө бул күндү концептуалдуу өзгөртүү мезгили келгендиги айтылды. Ошону менен катар бул маселени мыйзам түрүндө жүзөгө ашыруу зарылдыгы кошумчаланды. Фракция мүчөлөрү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына таасирин тийгизген тарыхый окуяларды, тарыхый инсандарды эскерип, аларга таазим этип ар кандай иш-чараларды улуттук жана жергиликтүү деңгээлде өткөрүп туруу эң жакшы идея экенин, мындан кандайдыр бир кыйкым издөөнүн кереги жоктугун белгилешти. Эске салсак, 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

                           АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад: 20...25; Талас:19...24; Баткен:21...26; Ысык-Көл, Нарын:13...18 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 30-октябрда  жаан жаабайт. Абанын температурасы 24...26 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 62

Окшош жаңылыктар