Бүгүн курулган жол жыл айланбай жыртылбашы керек

25-10-2017 16:12

“Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр сунушталууда. Ушул мыйзам маанисин түшүндүрүп, демилгечи депутаттардын бири Эмиль Токтошев бүгүн, 25-октябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.

Депутат, - мыйзам долбоору автомобиль жолдорун курууда подрядчиктердин жоопкерчилигин күчөтүүгө, жолдордун сапатын жогорулатууга жана жолдорду өз учурунда тейлөө боюнча кепилдиктерди камсыз кылууга арналгандыгын,-маалымдады.

Ырасында эле бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы жолдордун бат бузулуп жатышы көпчүлүк подрядчиктер жолдорду же ар түрдүү курулмаларды куруу же оңдоо боюнча өздөрүнүн милдеттенмелерине кайдыгер карап жаткандыгын көрсөтүүдө. Анын айынан кайрадан курулуп, реконструкцияланып жаткан автомобиль жолдорунун кызмат кылуу мөөнөтү биздин өлкөдө эки-үч жылдан ашпай жатат. Айрым учурларда жаңы автомобиль жолдору бир жыл пайдаланылгандан кийин эле жарактан чыгууда. Ошондуктан, сунушталып жаткан мыйзам долбоору менен кепилдик мөөнөттү жаңы автомобиль жолдоруна беш жылдан кем эмес жана реконструкцияланган жана оңдолгон автомобиль жолдору үчүн кепилдик мөөнөтүн үч жылдан кем болбосун деп белгилөө жагы демилгеленип жатат,- дейт депутат Э.Токтошев. 

Эгерде жол куруучулардын кепилдик берүү мөөнөтү узартыла турган болсо, бул жол куруу чыгымдарынын жогорулашына алып келет. Бул сумма бери жагы 10-15%га чейинки айырмачылыктарды түзөт. Бирок, ошончолук сапаттуулуктун сакталышына жакшы, - деди эл өкүлү. Кепилдик мөөнөтүнө байланышкан мыйзам долбоору мындан 10 жыл мурда эле даярдалып кабыл алыныш керек болчу. Азыр алыс барбай эле “Манас” эл аралык аэропортуна бара жаткан жолду алсак, анын жакында эле курулгандыгына карабай, чекесинен жыртылып, тешиле баштагандыгын көрүүгө болот. Мындай кайдыгерликке жол берилбеш керек,- дейт демилгечи депутат.

Курулуп жаткан жолдорду пайдаланууга кабыл алууда 2012-жылдан бери негизги жыйынтыкты экотехинспекциянын өкүлдөрү чыгарышат. Мындай маалыматтар менен тааныштырган КР Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү Нурлан Кайынбаев,-депутаттар тарабынан сунушталып жаткан демилгеде айрым бир тобокелчиликтер бар экендигин түшүндүрдү. Адистин айтымында, эгерде курулган жолдорго берилүүчү кепилдик мөөнөтү жогорулай турган болсо эл аралык маанидеги жол куруу иштери бир топ кымбатка туруп калат. 

Ошондой эле кепилдик мөөнөтү узартыла турган болсо, насыя берип жаткан банктардын койгон талаптары да өзгөрөт. Консультаттарды иштетүүнүн узактыгы да бул жерде суроо жаратат,- дейт Н.Кайынбаев. 

Жол сапаттуулугун камсыздайбыз,- десек бир гана сырттан келген компанияларга ишенип олтура бербей, жергиликтүү жол куруучу компанияларды дагы өстүрүшүбүз керек, -дейт КР ИИМ патрулдук милиция Башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Муктарбек Сандыбаев. 

Эл аралык маанидеги жолдордо, ал гана эмес калк жайгашкан шаар-кыштактардагы жолдордогу жол бетине чийилген жол чийиндери ашып кетсе бир-эки айга гана жетип-жетпей өчүп кетүүдө. Бул жол коопсуздугун камсыздоого залакасын тийгизүүдө,- деген КР ИИМ патрулдук милиция Башкы башкармалыгынын өкүлү, - көпчүлүк жолдордун паспорту жок болгондуктан, азыр паспорттоштуруу иштери да ыраатка салына тургандыгын айтып, анын жыйынтыгы эмдиги жылы чыгарылып калаарын маалымдады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 106

Окшош жаңылыктар