Социалдык комитет “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн  республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды

23-10-2017 18:00

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы чыгарган аудитордук жыйынтыктарга кайрылсак, айрым бюджеттик мекемелер тарабынан мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын 30%ы республикалык бюджетке убагында чегерилген эмес. Бул тууралуу маалыматтар Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүнкү, 23-октябрдагы жыйынында айтылды.        

“Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн  республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек  Касымалиевдин айтымында, ижара акыларындагы кечиктирүүлөр КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө, КР Билим берүү жана илим министрлигинин Баштапкы жана орто кесиптик билим берүү агенттигине таандык.

Талкууда депутат Алмазбек Токторов ооруканалардагы акы төлөп жата турган палаталардын алып келген кирешесине кызыкты.

Депутат Жанар Акаев Жер-Үй кенинин каражатына салынат деген 100 мектептин канчасы ишке берилгендигин тактады. Депутат Аида Касымалиева окуу китептеринин тартыштыгын айтып, ижарага берилген китептерден кимдер пайдаланып жатышкандыгын сурады.

Талкуу жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын 2016-жыл үчүн  республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору комитеттин жактыруусуна ээ болуп, Бюджет жана каржы комитетинин кароосуна жолдонду.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 620

Окшош жаңылыктар