РФ ФЖ Федерация Кеӊешинин Төрайымы В.Матвиенко телефон аркылуу КР ЖК Төрагасы Ч.Турсунбековду туулган күнү менен куттуктады

15-10-2017 16:21

Бүгүн, 15-октябрда Россия Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенко телефон аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбековду туулган күнү менен куттуктады.

Тагыраагы, Валентина Матвиенко кесиптешине бекем ден-соолук жана мамлекеттик жогорку кызматтагы ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, өткөрүлүп жаткан Президенттик шайлоону ийгиликтүү жыйынтыкталышын тилеген Федерация Кеӊешинин Төрайымы, аталган саясий окуянын Кыргызстан эли үчүн өтө чоӊ мааниге ээ экендигин кошумчалады.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2503

Окшош жаңылыктар