Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоодо өз добушун берди

15-10-2017 10:59

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде президенттик шайлоого өз добушун берди.

Жарандык милдетин аткарган соң ЖМК өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берген Төрага, Кыргызстандын акылман калкы алдыңкы алты жылдык келечегин өзү тандап, татыктуу талапкерди шайлап аларына ишенерин билдирди. “Бүгүн мен өлкөгө тынчтык жана туруктуулук тилеп, башкысы Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланса деген үмүт менен шайлоодо добуш бердим”, – деди Чыныбай Турсунбеков. 

Ошондой эле, бул өнөктүк тарыхта калат деген Жогорку Кеңеш Төрагасы: “Акыйкат, таза тандоо жолу аркылуу өткөн шайлоо Кыргызстандагы бийликтин конституциялык эрежеге ылайык алмашышына шарт түзөт”, – деп билдирди. Андан тышкары, 2011-жылы да мыйзамдуу жол менен бийлик алмашканын эске салган Чыныбай Турсунбеков, бүгүнкү шайлоо да өлкөдөгү демократиялык жаңылануулардын уландысы катары бааланарын кошумчалады. 

Ал эми журналисттердин КМШ алкагындагы алакаларды эске алуу менен өлкөнүн келечеги жана жаңы президенттин бул жааттагы саясаты тууралуу берген суроолоруна жооп берип жатып Төрага Чыныбай Турсунбеков Шериктештикке мүчө өлкөлөр Евразиялык экономикалык биримдиктин да мүчөсү экенин белгилеп: “Биз мамлекеттер ортосунда бир катар макулдашууларга кол коюлган. Алардын ичинде түбөлүк достук жөнүндө келишим да бар. Андыктан, аталган документтер тараптардын алган милдеттемесине жараша толук аткарылышы керек”, – деди.            

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 451

Окшош жаңылыктар