КМШ ПААнын атынан келген байкоочулар Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жүрүшү менен таанышууда

15-10-2017 09:09

Бүгүн, 15-октябрда Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Виктор Заварзин баштаган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кыргызстандагы президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн келген миссия мүчөлөрү Бишкек шаарындагы №1325 шайлоо тилкесиндеги добуш берүү өнөктүгүнүн ачылышына катышты.

Тилкедеги шайлоонун жүрүшү менен таанышкан эл аралык байкоочулар, биометрикалык маалыматтардын негизинде жаңы технологиялар менен өткөрүлүп жаткан өнөктүккө жогору баасын беришти.

Миссия башчысы Виктор Заварзин мурдагы референдумга караганда шайлоо ишин алып барып жаткан оператор-кызматкерлердин тажрыйбасы дагы да артканын белгилеп: “Кыргызстандагы добуш берүү өнөктүгү баарыбыз үчүн өзгөчө. Тагыраагы, заманбап технологиялардын жардамы менен шайлоонун таза жана ачык айкын өтүшүнө бардык шарттар түзүлгөн. Айрыкча, жабдуулардын иштен чыгышы же башка мүчүлүштүктөр алдын-ала изилденип, маселе жаралса тез арада кайра калыбына келтирүү иши колго алынары бизди абдан канааттандырды”, – деди.

Ошондой эле шайлоочулардын жигердүү катышары, шайлоо тилкеси ачылганда эле байкалганын баса белгилеген Виктор Заварзин, иш-чаранын ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Белгилей кетсек, КМШ ПААнын шайлоого көзөмөл кылуучу эл аралык байкоочуларынын катарында Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Тажикстан жана Россия мамлекеттеринин депутаттары менен тиешелүү эксперттеринен турган 29 мүчө бар. Алар Бишкек шаарындагы жана бир катар облустарда жайгашкан шайлоо тилкелериндеги добуш берүү өнөктүгүнө байкоо салат.   

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 2015

Окшош жаңылыктар