ЖАҢЫЛЫКТАР 30.06.16.

30-06-2016 08:09

Парламенттин бүгүнкү, 30-июндагы жыйынында “Ички жер которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр,  “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына кошумчаланып жаткан түзөтүүлөр каралат. Ошондой эле  “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууга чыгат. Андан тышкары жаңыдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген Максатбек Бакирович Эгембердиевдин ант берүүсү болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнүн да ант берүүсү уюштурулат..

Кечээ, 29-июнда  Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына киргизүү үчүн Премьер-министр тарабынан сунушталган талапкерлер каралды. Талкуу жүрүшүндө өкмөт мүчөлүгүнө көрсөтүлүп жаткан талапкерлерге өлкө экономикасынын өнүгүшүнө өзгөчө көӊүл буруу, өлкө кызыкчылыгын коргоо, өздөрү иштеген тармактарга инвестиция тартуу, коррупциялык жосундарды жоюу, чек арадагы контрабанданы токтотуу сындуу бир катар талаптар коюлду. Өкмөттүн түзүмүндөгү айрым органдардын иш-милдеттерин кайрадан тактоо жана туура бөлүштүрүү, көзөмөлдү күчөтүү сунуштары берилди. Жыйынтыгында Өкмөт түзүмүндөгү чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат ордуна Жеӊиш Разаковду, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Турдуназир Бекбоевди, Транспорт жана жолдор министри кызмат ордуна Замирбек Айдаровду, Байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Бакыт Шаршембиевди, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызмат ордуна Дүйшөнбек Зилалиевди дайындоого макулдук берилди. Ошого ылайык, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон кечээки жарлыкка  ылайык, ЖК макулдук алган талапкерлер сунушталган кызмат орундарына дайындалышты.

Депутат Өмүрбек Бабанов өлкөнүн сырткы карызынын 30-40% авто жолдорду салууга, оңдоп-түзөөгө кеткендигин белгилеп, “Манас” эл аралык аэропортун борбор калаага байланыштыруучу жолдун сапатсыз жасалып жатканына Өкмөт башчынын көңүлүн буруу менен жеке көзөмөлүнө алууга чакырды.

                               СНХ.Ө.БАБАНОВ

“Жолдордун курулуп жатканы жакшы блгону менен, анын айланасындагы долбоорлоо иштери туура эмес пландалып калгандай. Мисалы, “Манас” аэропорту тараптан келе жаткандагы эки тараптуу жолдун ортосунда кооз балатылар бар эле. Эми азыр анын бары кыйылып, ордун цементтеп салышыптыр. Ушул канчалык туура жана көркөмдүү. Анын ордуна кеткен чыгымга башка бир көчөнүн жолун курууга болмок”,- деген пикирин депутат Азизбек Турсунбаев парламенттин кечээки жыйынында билдирди.

                              СНХ.А.ТУРСУНБАЕВ

Депутат Махабат Мавлянова сырттан келген насыялардын 1 миллиард АКШ доллары жолдорду оңдоого кетип жаткандыгын тактап, ошол эле маалда жолдорду талкалап жаткан ашыкча жүк ташыган жүк ташуучу автоунааларга айыппул салынып жатканына токтолду. Депутаттын пикиринде, аларга айыппул салбай, жүгү талаптан ашкан автоунаалардын жүрүүсүнө тыюу салуу керектигин сунуш кылды.

                              СНХ.М.МАВЛЯНОВА

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн көбөйүп жаткандыгы жакшы. “Бирок, кокус тилсиз жоо болгон өрт чалса, аны өчүрүүгө техникалык мүмкүнчүлүктөр каралбаптыр”,- деген депутат Бакирдин Субанбеков болду.

                              СНХ.Б.СУБАНБЕКОВ

Буга чейин депутат болуп келген Галина Скрипкина парламенттин кечээки жыйынында ЕАЭСтин курамындагы сот системасында иштөө үчүн кетип жаткандыктан, депутаттык мандатын расмий түрдө тапшырып берди. Эми анын ордуна Эгембердиев Максатбек Бакирович КСДП фракциясынын тизмеси боюнча ЖК депутты болуп келет. Ал тизмеде 43-орунда турган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 29-июндагы олтурумунда белгилүү болду.  

Депутат Акылбек Жапаров өлкөгө сырттан келип жаткан мигранттардын жергебизде болуу шарттарына токтолуп, кимдин-ким экендигин так билүү зарылчылыгы жаралып жаткандыгын билдирди.

                              СНХ.А.ЖАПАРОВ

Жогорку Кеңеш кечээки жыйынында “5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” токтом кабыл алды. Депутат Тазабек Икрамов 2016-жыл – Маданият жана тарых жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу жана кыргыз элинин улуттук баш кийиминин маанилүүлүгүн сактоо максатында Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору даярдалгандыгын билдирди. Анын айтымында, бул маселени 2011-жылдан бери коомдук активисттер демилгелеп, эл арасында 5-март – Ак калпак күнү катары расмий эмес түрдө белгиленип жүрөт. Муну коомчулук колдоорун көрсөттү.Талкуу жүрүшүндө токтом долбооруна депутат Гүлшат Асылбаева сунуш берип, Ак калпакка кошо улуттук кийимдерди да бирге атап, Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деген белгиленишин өтүндү эле, ага да макулдук берилди.

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 30-июнда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:30...35, Ош, Жалал-Абад, Баткен:31...36 градус ысык болот. Ысык-Көл:21...26, Нарын:25...30 градуска чейин жылыйт. Бишкек шаарында бүгүн, 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет. Абанын температурасы 33...35 градус ысык болот.

Көрүүлөрдүн саны : 1905

Окшош жаңылыктар