Жогорку Кеӊеш Төрагасы Чыныбай Турсунбекова КМШ ПАА Кеӊешинин жыйынына катышты

14-10-2017 08:17

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблея Кеӊешинин жыйынына катышты.

Жыйын алкагында бир катар маселелер каралып, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы президенттик шайлоого байкоо салууга карата даярдык, КМШ ПААнын Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлыгы боюнча Жобосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү, экономика боюнча Эксперттик кеӊешти түзүү сунушу сыяктуу актуалдуу темалардагы талкуулар болду. Ал эми Жогорку Кеӊеш Төрагасы "Шериктештик балдары" аталышындагы КМШга мүчө мамлекеттердин эл аралык бешинчи маданий-агартуучулук форумунун жыйынтыгы боюнча доклад жасады.     

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊеш менен КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы биргелешип уюштурган бул форумдун өткөрүлүп келе жатканына беш жыл толгонун белгилеп, быйылкы форум Россия Федералдык жыйынынын Федералдык Кеӊешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун катышкандыгы менен өчгөчөлөнгөнүн кошумчалады. Ага ылайык, Валентина Матвиенкого иш-чарага жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.  

"Форум алкагында Валентина Ивановна экөөбүзгө жаш муундар менен баарлашып, алардын олуттуу темалардагы пикирин билүүгө эӊ жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мен экинчи жолу Форумга катышып жатып, анын келечеги кеӊ экенине кайрадан ынандым. Дүйнөдө акыркы учурларда арбып бара жаткан терроризм, экстремизм сыяктуу коркунучтарга каршы туруктуулук, биримдик жана эркин кызматташуу жолу аркылуу күрөшүүгө болору тууралуу жаштардын айткан сөздөрү мени өтө канаттандырды. Андыктан жаштар биздин келечек экенин эске алуу менен алардын мыкты инсан болуп чоӊоюшуна үлгү болууга аракет кылышыбыз зарыл", - деди Чыныбай Турсунбеков.

Ошондой эле Төрага Форум - бул, жаштардын көз карашы аркылуу учурдагы маселелерди аныктап, чечүү жолун изилдүү боюнча пикир алмашууга өтө ылайыктуу аянт болуп берерин кошумчалады.

Андан тышкары, жыйындын катышуучулары Парламенттер аралык Ассамблеянын 137 күн тартибине байланышкан ой-пикирлери менен бөлүшүштү. Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеӊеш Россия тараптын иш-чарага катышуу тууралуу чакырыгын кубануу менен кабыл алганын белгилеп: "Ассамблеянын алкагында тынчтык, коӊшулар аралык ынтымак жана демократиялык багытты өнүктүрүүнү көздөгөн ушундай ири иш-чараларды уюштурууга кылган  Россия Федералдык жыйынынын далалаты мактоого татырлык. Айрыкча, КМШ ПААнын 30-июнду Эл аралык парламентаризм күнү деп белгилөөсү парламенттик институттардын тыгыз кызматташуусуна, буга кошумча мамлекеттердин жана жарандарыбыздын ортосундагы алаканын жакшырышына салым кошуучу дагы бир мүмкүнчүлүк болот деген ишеничтемин", - деди.  

 

Жогорку Кеӊеш Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 1202

Окшош жаңылыктар