Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ЖККУ ПАнын онунчу пленардык жыйынына катышты

13-10-2017 17:36

Бүгүн, 13-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) уюштурулган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын онунчу пленардык жыйынына катышты.

Жыйын алкагында коопсуздукту камсыздоо багытындагы олуттуу маселелер талкууланып, “Мамлекеттик сыр жөнүндө”, “Энергетикалык коопсуздук тууралуу”, “Гуманитардык жардам жөнүндө” сыяктуу бир катар моделдик мыйзамдар каралды.

Андан тышкары, делегация башчылары улуттук коопсуздук чөйрөсүнө тиешелүү жана аскердик кадрларды даярдоо жөнүндө, ошондой эле укук коргоо органдарынын маатыматтык-аналитикалык ишмердүүлүгүн камтыган ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча сунуштар тууралуу ой бөлүштү.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышууда.          

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 160

Окшош жаңылыктар