Жогорку Кеңештин делегациясы Андорра-ла Вельяда өтүп жаткан ЕККУ ПАнын күзгү жыйындарына катышууда

04-10-2017 09:58

Курамына депутаттар Каныбек Иманалиев, Улан Примов жана Абдывахаб Нурбаев кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Андорра-ла-Велья шаарында (Андорра) өтүп жаткан Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү жыйындарына катышууда.

ЕККУ ПАнын күзгү жыйындарынын жүрүшүндө улуттук делегациялардын жана “ЕККУ регионундагы коопсуздук: жаңы чакырыктар, жаңы милдеттер” парламенттик конференциясынын башчыларынын катышуусунда туруктуу комитеттин жыйыны болот. Конференция үч тематикалык сессияга бөлүнгөн: 1) киберкоопсуздук; 2) климаттын өзгөрүшү; 3) туруктуулук менен өнүгүүнүн кепилдиги катары түзүлүүгө көмөктөшүү. Жыйындын алкагында КР Жогорку Кеңешинин делегациясы үстүбүздөгү жылдын 22-23-ноябрь күндөрүндө Баку шаарында Жибек жолу тобу менен Кытай Эл Республикасы тарабынан уюштурулуп жаткан эл аралык конференциянын бетачарына чакырылган. Бул эл аралык конференциянын бетачарын курамына Кыргызстан кирген ЕККУ ПАнын 17 делегациясы тарабынан түзүлгөн Жибек жолу тобу (ЖЖТ) жасайт. Конференцияда ЖЖТга кирген 100 парламентчи жана Кытайдын жогорку даражалуу делегаттарынын катышуусунда Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоорунун негизинде жүргүзүп жаткан саясаты жана ЖЖТга кирген өлкөлөрдүн соода-экономикалык жаатта кызматташуусунун келечеги талкууланмакчы. Иш-чарага компаниялардын өнүмдөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгү менен ЖЖТнын ар бир өлкөсүнөн жана Кытайдан 10го чейинки компания катыша алат.

Мындан сырткары парламенттик делегация ЕККУ ПАнын төрагасынын орун басары Азат Гулиев (Азербайжан парламентинин депутаты) менен жолугушат. Ал ЕККУ ПАнын Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшүнө жана аны өткөрүүгө байкоо салуу миссиясынын атайын координатору катары дайындалган. Жолугушууда тараптар күнүмдүк маселелерден сырткары, байкоочу миссиянын Кыргызстандын расмий өкүлдөрү менен жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Иш сапардагы Жогорку Кеңештин депутаттары грузин кесиптештери менен эки парламенттин депутаттык достук топторунун, жалпы эле эки өлкө ортосундагы кызматтаташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү, өзгөчө, референдум өткөрүү маселелери боюнча пикир алышат.

ЕККУ ПАнын күзгү жыйындарын даярдоо жана өткөрүү өзгөчөлүктөрүн иликтөө максатында Жогорку Кеңеш делегациясын Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин орун басары, 2018-жылдын октябрь айында ЕККУ ПАнын күзгү сессиясын Кыргызстанда өткөрүүгө жооптуу Тажимамат Шаболотов коштоп жүрөт. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш делегациясынын башкы катчы Роберто Монтелла башында турган ЕККУ ПАнын Эл аралык катчылыгынын тиешелүү жетекчилери менен жолугушуусу мерчемделген.

КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү

Көрүүлөрдүн саны : 1396

Окшош жаңылыктар