ЖАҢЫЛЫКТАР 28.09.17.

28-09-2017 08:31

Бүгүн, 28-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш адеп күн тартиби такталган соң,Ар кандай маселелер” саатына орун берет. “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралат.  “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан  өзгөртүүлөрдү да талкуулайт. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлорун, анын ичинде “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун парламент бүгүн экинчи окууда талкуулайт. Алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы да бүгүнкү жыйында угулмакчы.

Кечээ, 27-сентябрда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун 3-окууда кабыл алды. Талкуулоо учурунда Төрага Чыныбай Турсунбеков чек арадан аткезчилик менен киргизип жаткан байытылбаган ун эле эмес, талапка туура келбеген башка импорттук товарлар да арбын экендигине токтолду.

                            СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ

Эстония менен Финляндияда окутула турган предметтик сабактарды тандоо укуктары  балдар менен алардын ата-энелерине берилген. Бул балдардын жөндөмүнө карап билим алуусуна жардам берет, - деп эл аралык бир топ тажрыйбаларды санап берген депутат Абдывахап Нурбаев, - окуу китептери менен камсыздоо шарттарына  токтолду. Ошондой эле окутуу процессинде курулай жаттатуу менен чектелбей, ар бир өтүлгөн тема боюнча ар бир окуучунун жеке пикирлерин угуу кажет. Бул балдардын эркин ой жүгүртүүсүнө жакшы, - дейт депутат

                           СНХ.А.НУРБАЕВ

“Кыргыз адабияты”  китеби кыргыз, орус тилдеринде эки блокко бөлүнүп басылып чыкты. Бул окуучулардын кош тилди бирдей өздөштүрүп кетүүсүнө жакшы шарт түзүлгөндүктүн бир далили”, - дейт КР Билим берүү академиясынын окумуштуу катчысы Айнагүл Ниязова.

                          СНХ.А.НИЯЗОВА

Депутат Таалайбек Масабиров көк бөрү оюну боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондугун өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бул оюн - элибиздин  улуттук спортунун эӊ кызыктуу түрү, - деген парламентарий Казакстан көкпар оюну боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрө баштаганына кайрылып, анын көк бөрү оюнунан кандай айырмасы бар экенин тактады.

                         СНХ.Т.МАСАБИРОВ

Грек-рим күрөшү боюнча 4 спортчу стипендия алышат. Жеңил атлетика боюнча 2 стипендиант бар. Сурдоспорт, лыжа спорту боюнча бирден киши стипендия алууга татыктуу болушкан. Өспүрүмдөрдүн арасында да  спорттук жетишкендиктерди камсыздагандыгы үчүн стипендияга илингендер бар. Жалпысынан стипендия алуучулардын тизмесинде 274 киши бар,- дейт КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова.

                        СНХ.Н.БАРДИНОВА

                      АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 28-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Нарын: 15...20 Талас:13...18, Ош, Жалал-Абад: 20...25, Баткен: 21...26 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 28-сентябрда ала булут каптап турат, кечке жакын жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 18...20 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 52

Окшош жаңылыктар