“Кыргыз киносун өнүктүрүүгө өлкөнүн жалпы бюджетинин 0,1%ы каралсын”, -деп белгиленген менен анын аткарылышы кандай?

27-09-2017 16:18

Кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүүгө жана тиешелүү мыйзамдагы айрым бир карама-каршылыктарды жоюуга багытталган «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамдын өзгөртүүлөрүн Жогорку Кеӊеш бүгүнкү, 27-сентябрдагы олтурумунда биринчи окууда кабыл алып берди.

Мыйзам маанисин кеңири түшүндүрүү, жалпы эле кыргыз киносунун абалы тууралуу сөз кылып, “Парламент” радиосу ушул эле күнкү, түз эфирине ЖК 5-чакырылышынын депутаты, учурда ЖК Аппаратын жетектеп жаткан Саматбек Ибраев менен Кыргыз кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевди чакырды.

“Калктын кино көрүү маданиятын калыптыруу учурдун зарылчылыгы болуп турат. Германия, Кореяда өткөн кинофестивалдарга катышып келдим. Ал жактагылар киного билет алуу үчүн кезектен-кезек күтүп, алтындай убактыларын сарптаганга кайыл болуп турушса, биздин кинозалдар толуп-толбой бош турат. Акырындык менен кино көрүү маданиятына жетсек болот”,-дейт  ЖК Аппаратынын жетекчиси Саматбек Ибраев.

Ошондой эле кино тармагына кол кабыш кылып жаткан меценат катары Саматбек Ибраевдин “Саякбай” фильмин тартууда продюсердик мээнети күч. Учурда аталган кинотасма  дүйнөлүк аренага чыгып, баш байгелерди багытынтып келүүдө. “Манас” эпосунун маани-мазмунун элге кеңири жайылтып, тааныштыруунун дагы бир багыты иштелип чыкты. Ал окуу дептерлерине “Манас” эпосундагы каармандардын көркөмдөлүп басылып чыгышы,- дейт ал.

Ошондой эле С.Ибраевдин маалымдашынча, эми алдыдагы планда кенже эпосторго да кайрылып, жаш балдарга арналган мультфильмдерди тартуу иштери башталды. Мисалы, “Карагул мергенчи” анимациялык фильми өз көрөрмандарын табат деген ишеним жаралууда.

Жогорку Кеңеш концепциясын кабыл алган жогорудагы мыйзамга кошумчаланып жаткан өзгөртүүлөрдө «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» жол берилсин деп сунушталууда, -деп түшүндүрдү "Парламент" радиосунун түз эфиринде болгон М.Бектеналиев. 

Ошол эле «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамда буга чейин эле көрсөтүлгөн беренелердин биринде, -“Кыргыз киносун өнүктүрүүгө өлкөнүн жалпы бюджетинин 0,1%ы каралсын”, - деп белгиленген. Бирок, ошол шарттын ишке ашышы дагы деле болсо кыйынга туруп жатканын тана албайбыз. Ошол 0,1%дын 30 %ы гана колдонулуп жатат. Бирок ага карабай, тарыхый кинотасмаларды тартуу ишине мамлекеттен каражат тартылып, меценаттар колдоо көрсөтүп, кыргыз киносундагы жандануулар жакшы эле жылыштарды жаратууда”, - деди кинематография департаментинин жетекчиси.

Атай Огомбаев, Бексултан Жакиев тууралуу кинотасмалардын  тартылып жаткандыгын да маданият жана тарых жылынын алкагында жасалган иштердин бири катары караса болот. 

Былтыркы 2016-жылдын эсебине кайрылсак, кыргызча кинолорду калктын 1 млн. 800 миң кишиси көргөн. Ал эми коюлган кинолордун ичинде кыргызча кинолор 40 миң жолу, ал эми чет элдик кинотасмалар 51 миң ирет көрсөтүлгөн.  Ал эми союз мезгилинде көрсөтүлгөн кинолордун 20%ы гана кыргыз кинолору болбосо, калган 80%ын чет мамлекеттерден айрыкча Индиядан келген кинолор түзгөн. 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

 

Көрүүлөрдүн саны : 259

Окшош жаңылыктар