ЖАҢЫЛЫКТАР 27.09.17.

27-09-2017 08:53

Парламенттин бүгүнкү, 27-сентябрдагы олтурумунда VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017 - 2018-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралат. “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда талкууга чыгат.  “Ломбарддардын иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору да бүгүнкү жыйындын кароосундагы негизги суроолордун бири.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет кечээ, 26-сентябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү» мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү 3-окууда жактырды. Долбоорунун максаты аскерге жана альтернативдүү кызматка чакырууда коррупциялык жагдайларды четтетүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди жүзөгө ашырууга багытталган. Маалыматка ылайык, аскерге чакырууда “соттуулугу бар”, “сак-саламаттыгы боюнча” деген критерийлер алып салынууда. Ошондой эле Маңзаттарга көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматтын жоюлгандыгына байланыштуу түзөтүүлөр киргизилүүдө. Жалпыга бирдей аскердик милдет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр боюнча комитеттин корутундусу жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна 3-окууда сунуш кылынды.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет  «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөгү» мыйзамдын  5,6-беренелеринин ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында даярдалган мыйзам долбоорун карап, анын концепциясын колдоого алган эле. Бул маселе парламенттин бүгүнкү, 27-сентябрдагы жыйынында каралат. Жаңы долбоордун сунуштамасы боюнча «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде  каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толукталат. Талкууда депутат Садык Шер-Нияз ,- “Кинодогу сцена деген кыска көрүнүш. Бирок, аны таптакыр жоюп салуу мүмкүн эмес. Эгер чындап эле сценага жол берилбей турган болсо, кинотасманын татымы кетип калат. Балким, сцена деген түшүнүктү эпизод менен алмаштырып карасак, анда маселе башка”, - деген пикирин билдирди.

                          СНХ.С.ШЕР-НИЯЗ

Ошондой эле депутат, - “Кино тартуунун кыйынчылыктарына  кара жанын карч уруп чыдаган, каражатына чейин камсыздоого чуркап иштеген продюсердин эмгеги көмүскөдө калып эле, эмне үчүн бышкан аштын ээси көп болуп “Кыргызфильмдин” директору тартылган кинонун продюсери болуп чыга келет?”  - деген сурооону койду. Келечекте Өкмөт каржылаган кинолорго “Кыргызфильм” директору продюсер болбош керек. Буга чейин деле ушул талап сакталууга тийиш болчу, - дейт С.Шер-Нияз.

                          СНХ.С.ШЕР- НИЯЗ

“Аккредитацияланган дене тарбия жана спорт коомдук уюмдары эми спортсмендерди даярдоо жагынан Өкмөткө отчет берип турууга милдеттендирилет”,- деп айтылат ЖК биринчи окууда кабыл алган “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдө. Депутат Таалайбек Масабиров бул жерде “аккредитацияланган” деген терминдин ашыкча колдонулуп жаткандыгын билдирип, буларга токтолду.

                         СНХ.Т.МАСАБИРОВ

КР спортчуларына спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартиби да такталат. Буга чейин мындай стипендияларды төлөө мыйзамдарда эмес, Өкмөттүн гана токтомунда белгиленген. Эми бул көрүнүштү мыйзам чегине салуу жагы караштырылууда. Бул тууралуу маалымат берген КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинованын айтымында, жогорку категориядагы стипендияны олимпиадалык оюндарда, дүйнөлүк чемпионаттарда 1-2-3-орундарды, Азия оюндарында 1-орунду ээлегендер алышат.

                         СНХ.Н.БАРДИНОВА

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Алмазбек Касенов, -“Эгерде стипендиялар тууралуу жобо такталып, жаңыдан бекитиле турган болсо, ошол стипендия алуучулардын катарына улуттук спорт түрлөрүнөн дагы мыкты жетишкендиктерди камсыздагандар кошулат. Аларга деп стипендиялык фонддун 10%ы каралмакчы. Республиканын чемпиондору үчүн да жакшы стимул жаралат. Аларга 15 миң сомдук стипендия белгиленмекчи”,- дейт.

                        СНХ.А.КАСЕНОВ

                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 27-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы Чүй:21...26, Талас:19...24, Ош, Жалал-Абад, Баткен:23...28,  Ысык-Көл:18...23, Нарын:19...24 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 27-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы 24...26 градус жылуу болот.  

Көрүүлөрдүн саны : 55

Окшош жаңылыктар