ЖАҢЫЛЫКТАР 25.09.17.

25-09-2017 09:10

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет бүгүн, 25-сентябрдагы жыйынында  «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карайт. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кырыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүгө да көнүл бурулат. «Бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илим-изилдөө иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумдун долбоорун жактыруу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тескеме долбоору да талкууга чыкмакчы. Парламенттик телекөрсөтүү каналын түзүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жумушчу тобун түзүү жөнүндөгү жагдай дагы бул жолку жыйындын негизги суроолорунун бири.

«Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда талкууга чыгат.  

Депутат Абдывахап Нурбаевдин  айтымында, Казакстандын 1000ге жакын мугалимдери Финляндия, Эстония мамлекеттеринен билимин жогорулатып келишкен. “Биз дагы ушул тажрыйбаларды колдонушубуз керек. Бул максатка деп бюджеттен 30 млн. сом бөлүнөт экен. Ал эми талап кылынган каражат  160 млн. сомдон кем болбош керек”, - дейт эл өкүлү.

                               СНХ.А.НУРБАЕВ  

Дүйнөлүк банк аркылуу ишке ашырыла турган ири долбоорлордун бири бул электрондук китепканаларды түзүү болуп саналат. Бул жагдайга токтолгон КР Билим берүү академиясынын окумуштуу катчысы Айнагүл Ниязова,- “Кыргызстандагы 60 мектеп тандалып алынып, мультимедиалык комплекс даярдалууда. Ал жерде өзүнчө сайт болуп, ар бир класстын окуу китептери жайгаштырылат. Навигациясы да кошо камтылат. Дагы 30 мектепке электрондук китепкана түзүү иштери жайылтылат.

                              СНХ.А.НИЯЗОВА

2014-2015-жылдагы басылып чыккан китептердин ижарага берилиши пилоттук долбоор катары тандалып алгынган Жайыл районунда ата-энелердин колдоосуна ээ болуп жатат. Базар кыдырып, бери жагы 200-300 сомдук китептерди сатып алгандын ордуна, мектептен ижарага алынган жаңы китептердин ар бирине 20 сомдук жылдык ижара акысын төлөп туруу ата-энелерге жеңилирээк. Муну жалпы республика аймагына жайылтууну сурангандар да бар, - дейт АӨБ өкүлү Улан Мамбетакунов.

                             СНХ.У.МАМБЕТАКУНОВ

Эртең,  26 - сентябрда  «Парламент» (FM 90.2) радиосу өз уктурууларын техникалык-профилактикалык иштердин  жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу  саат 14.00дө баштайт. Мындай эреже ар бир айдын 3-4-жумасынын шейшемби күндөрү сайын  кайталанып турат.  

                            АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 25-cентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Тоолордо жана  Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда кн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй,  Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 15...20, Ысык-Көл, Нарын: 11...16  градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 25-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы 16...18 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 75

Окшош жаңылыктар