ЖАҢЫЛЫКТАР 22.09.17.

22-09-2017 08:51

Жогорку Кеңеш кечээ, 21-сентябрдагы жыйынында “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда 84 добуш менен колдоп берди. Жабык эшиктер артында өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков баштаган КР Өкмөтүнүн тиешелүү министрликтери менен мекемелеринин жетекчилери катышты.

Балдардын билимдүү болушу үчүн мугалимдердин билим сапаты, ишти билген кесипкөйлүгү жогору, ошол эле мезгилде заманбап болушу керек. Бул тууралуу пикир бөлүшүп, ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев кечээ, 21-сентябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде буларды билдирди.

                             СНХ.А.НУРБАЕВ  

КР Билим берүү академиясынын окумуштуу катчысы Айнагүл Ниязованын билдиришинче, окуу китептери 5 жылдык мөөнөткө гана колдонууга жарайт. Себеби, предметтик стандарттар улам –улам өзгөртүлүп турат. Бул окуу китептеринин жаңыртылып турушун шарттайт.

                             СНХ.А.НИЯЗОВА

Окуу китептерине деп жылына республикалык бюджеттен 120 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу Азия өнүктүрүү банкынын окуу китептерин колдоо боюнча долбоорунун өкүлү Улан Мамбетакунов маалымат берди. Адистин айтымында, окуу китептерин даярдоого Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык каржы уюмдары дагы жакындан колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилөөгө болот. Окуу китептеринин электрондук версиясын дагы сайттарга жайгаштыруу иштери жакшы натыйжасын берип жатат.

                            СНХ.У.МАМБЕТАКУНОВ

Бүгүн, 22- сентябрда депутат Дастан Бекешев «Урмат Ордо» мейманканасынын конференц-залында өтө турган иш чарага катышат. Анда окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланган мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге стипендиялар тапшырылат.  Стипендия Кореялык “СилоамЖАҢЫЛЫКТАР  22.09.17.” көзү азиздердин борбору тарабынан каржыланууда. Ошондой эле аталган борбор ушул 2017 –жылы үн жазуучу студия ачыа, көзү азиздер менен начар көргөндөр үчүн аудиокитептерди даярдоо ишин дагы колго алды.

Эртең, 23-сентябрь - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнү. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына туура 28 жыл толот. Мыйзамдагы негизги беренелердин бири  иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү болуп саналат. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  3 ай ичинде 12 министрликте мамлекеттик тилде иш кагаздардын колдонулуп жатышы боюнча  мониторинг жасап чыккан. Бирок, анын жыйынтыгы чеке жылыта бербейт. “Министрликтерде иш кагаздар мамлекеттик тилде 15-20 пайызда гана жүргүзүлөт экен. Бул өкүнүчтүү нерсе. Ошондуктан мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык, "Кыргызтест" системи киргизилүүдө. Анын негизинде 2018-жылдын 2-этабынан 2019-жылдан баштап бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер сынак тапшыра баштайт”, - дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев.

Кечээ, Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алып берген “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбооруна ылайык, спортчулардын стипендиясын 45 миң сомдон 75 миң сомго чейин жогорулатуу жагы сунушталууда. Бул тууралуу Жаштардын иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов маалымат берди.

                          СНХ.М.АМАНКУЛОВ

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 22-cентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон  шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: 24...29; Талас: 22...27; Ош,  Жалал-Абад, Баткен: 25...30; Ысык-Көл: 17...22; Нарын: 18...23 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн,  22-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 27...29 градус жылуу болот. 

Көрүүлөрдүн саны : 77

Окшош жаңылыктар