ЖАҢЫЛЫКТАР 21.09.17.

21-09-2017 08:49

Төрага Чыныбай Турсунбеков Жапония парламентинин Жогорку Палатасынын депутаты, Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилери форумунун төрагасы Кэйзо Такэми  менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилери форумунун алкагындагы алакаларды арттыруу тууралуу пикир алышты. Ошондой эле кечээки иш графигинин алкагында Төрага Чыныбай Турсунбеков Кыргызстан ишкерлер союзунун өкүлдөрүн кабыл алып, алардын кесиптик майрамдары менен куттуктады. Ишкердик тармагы өлкө экономикасынын өсүшүнө олуттуу салым кошуп жаткандыгын белгиледи.

                          СНХ.Ч.ТУРСУНБЕКОВ.

Бүгүн, 21-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Ар кандай маселелер” саатынан соң, “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоорун саат 11.15те карайт.  “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда талкууга коюлат.  Ошондой эле Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да биринчи окууда күн тартибине кошумчаланган. Анын маанисин чечмелеп, депутат Таалайбек Масабиров “Парламент” радиосуна буларды билдирди.

                        СНХ.Т.МАСАБИРОВ

Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр алып келүү маселеси Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында талкууланды. Депутаттар 2017-2018-жылдарга Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүү  маселесин кайра карап чыгуу керектигин белгилешти. Алар Бишкек ЖЭБине 100 пайыз ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көмүрүн сатып алууну демилгелешти.  Алардын бири депутат Азамат Арапбаев Бишкек ЖЭБисиндеги эски буу казандары казакстандык көмүргө ылайыкталган,- деп канчанкыга чейин коңшу мамлекеттин экономикасы үчүн иштей бересиздер? – деген суроону кабыргасынан койду.

                       СНХ.А.АРАПБАЕВ

Кечээ, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун төрагасы Кейзо Такэми баштаган делегация менен жолугушту. Диалог жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, анын ичинде эне жана баланын ден-соолугуна кам көрүү жагдайлары тууралуу сөз болду. Ошондой эле тараптар бойдон алдыруу көйгөйлөрү боюнча да пикир алмашып, аталган көрүнүштү азайтуу маселелери жөнүндө ой бөлүштү. Депутат Осмонбек Артыкбаев эне жана баланын саламаттыгы башкы маселе экендигин билдирип, бул жаатта Кыргызстан эл аралык уюмдар менен кызматташууга кызыкдарлыгын кошумчалады. Андан тышкары, депутаттар калктын саламаттыгы жалгыз эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин маселеси эмес, жалпы Өкмөттүк мекемелердин биргелешип иш алып баруусун талап кылган көйгөй экендигин белгилешти. Алсак, депутат Альфия Самигуллина саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын төмөн болгондугунан улам, эл аралык донорлорго муктаждык жогору экендигине токтолуп: "Бойдон алдыруу жана жаш балдар менен энелердин өлүмүн азайтуу сыяктуу калктын саламаттыгына тиешелүү көйгөлөрдү азайтуу үчүн каржылык жардамдарды көбөйтүү шарт. Ошондой эле, ооруларды алдын алуучу программаларды да колдоого алуу керек", - деди.  Өз кезегинде Жапония парламентинин мүчөсү, Калкты жайгаштыруу жана өнүктүрүү боюнча Азия парламентчилеринин форумунун төрагасы Кейзо Такэми саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр Кыргызстанды гана камтыбасын белгилеп: "Бул үчүн эл аралык коомчулук менен биргелешип иш алып баруу зарыл. Өзгөчө, бойдон алдыруу жана эне менен баланын өлүмүнө каршы күрөшүүдө комплекстүү иш алып баруу натыйжалуу",- деп кошумчалады.  Ошондой эле жолугушууда калкты жайгаштырууну өнүктүрүү милдеттерин ишке ашыруудагы парламентчилердин ролу тууралуу сөз жүрүп, өкмөттүк органдардын өкүлдөрүнүн эл аралык уюмдар жана бейөкмөт бирикмелер менен сектор аралык кызматташтыгына басым жасоо керектиги белгиленди

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 21-cентябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй: 24...29; Талас:23...28; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 25...30; Ысык-Көл, Нарын: 20...25; бийик тоолуу 5...10 градус жылуу болот.​Бишкек шаарында бүгүн, 21-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 27…29 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 69

Окшош жаңылыктар