ЖАҢЫЛЫКТАР 20.09.17.

20-09-2017 09:24

Бүгүн, 20-сентябрдагы жыйынында Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жашыруун маалыматты өз ара коргоо жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу долбоорду үчүнчү окууда карайт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо тууралуу маселеге да көңүл бурулат. Ушундай эле талкуу Марокко Королдугунун Өкмөт менен болгон макулдашуунун алкагында да улантылат. Ал жерде дагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө сөз болот. Өзгөн, Балыкчы,  Токтогул, Майлуу-Суу шаарларындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо долбоору боюнча кредиттик макулдашуулар да   экинчи окууга чыгарылат. “Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору да бүгүнкү парламент олтурумунун негизги маселелеринин бири болмокчу.

Кечээ, 19-сентябрда тармактык комитет Бишкек шаардык электр жылуулук борборуна көмүр алып келүү маселесин талкуулады.Маалыматтарга караганда, ТЭЦ кышкы сезонго 550 тонна жергиликтүү көмүр сатып алат. “Электр станциялары” өткөргөн тендер боюнча көмүр ташуу жумуштары башталган. 500 тонна Кара-Кеченикин, 50 тонна таш көмүр отунун алат. 450 Караганда көмүрү Казакстандан келет. Анын тоннасы 3 600 сомдон айланып, жалпы суммасы 1 млрд 619 млн сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү көмүрдү “Кыргызкөмүр” ишканасы камсыздыйт. Бул үчүн жалпы суммасы 1 млрд 370 млн сом талап кылынат.

Ушул 2017-жылдын  24 - июлунан 9 –августуна чейин  «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери” мыйзамынын аткарылышы боюнча  Жалал-Абад областынын  Джалал-Абад, Токтогул, Ноокен райондорунда жана Ысык-Көл областынын Каракол, Балыкчы шаарлары менен Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунда мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы бүгүн, 19-сентябрда өткөн тегерек стол жыйынында тааныштырылды. Анда депутат Альфия Самигуллина баяндама жасады.

                           СНХ.А.САМИГУЛЛИНА

Депутат К.Иманалиев, - “Мамлекеттик иш чаралар кыргыз тилинде өткөрүлөт. Анан ошол эле мезгилде зарыл учурларда расмий тил дагы колдонулат,- деп жазылган. Ушул зарыл учурду тактап алуу биринчи кезектеги милдет болуп турат. Андан тышкары иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнүн милдеттүү так мөөнөтү аныкталмайынча, аракеттин текке кеткени ошол”,- деди парламенттик радиого курган маегинде.

                          СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ  

Кыргыз тилин билүү деңгээлдери да “Кыргызтест” программасынын негизинде иштелип чыккан. Анын бир канча түрлөрү бар. Базалык, орто жана жогорку деңгээл деп таанылат. Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин ар бир ээлеп турган кызмат ордуна жараша билүүгө милдеттүү болгон атайын ылайыкталган деңгээлдер бар. Аны билүү парз. Себеби, кызмат бул мамлекетке кызмат кылуу. Кайсыл мамлекетке кызмат кылба анын тилин билүү милдет, - дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Медер Аким уулу “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                         СНХ.М.АКИМ УУЛУ 

“Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр сунушталууда. Аны парламенттин тармактык комитети карап, концепциясын колдоду.  Долбоор  Өкмөт тарабынан демилгеленип жатат. Бул багытта КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова баяндама жасады. Маалыматта айтылгандай, КР спортчуларына спорттук жетишкендиктер үчүн стипендияларды төлөө тартиби сунушталып жаткан өзгөртүүлөр аркылуу такталат. Буга чейин мындай стипендияларды төлөө мыйзамдарда эмес, Өкмөттүн гана токтомунда белгиленген. Эми бул көрүнүштү мыйзам чегине салуу жагы караштырылууда.

                         СНХ.Н.БАРДИНОВА 

Депутат Алмазбек Токторов Кыргызстандагы гроссмейстерлердин бар-жогуна кызыгып, спорт тармагында стипендия ала турган тизмедегилердин арасында шахмат боюнча спорттун алдыңкылары камтылыш керектигин белгиледи. Айтылуу шахматчы Анатолий Карповдун кыргыз жергесине келүүсүнүн башкы максаты эмнеде болгондугун сурап, тармактык ведомство ага эмнеге кызыкпагандыгына да таң берди.

                        СНХ.А.ТОКТОРОВ 

Аккредитацияланган дене тарбия жана спорт коомдук уюмдары эми спортсмендерди даярдоо жагынан Өкмөткө отчет берип турууга милдеттендирилет. Ошондой эле дене тарбия жана спорт боюнча коомдук уюмдардын тизмесине Улуттук паралимпиадалык комитет да кошулуп жатат. Андан тышкары балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тармактары да дене тарбия жана спорт мекемелери катары иреттештирилүүдө. “Эмгек сиңирген спорт чебери” наамына ээ болгон адистер окуу-машыгуу иштерин алып барууга укук алышууда.                    

                   АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 20-cентябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен: 25...30; Талас: 23...28; Ысык-Көл: 20...25; Нарын: 22...27; бийик тоолуу райондордо 6...11 градус жылуу болот. ​Бишкек шаарында бүгүн, 20-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 27…29 градус жылуу болот.

 

 

Көрүүлөрдүн саны : 71

Окшош жаңылыктар