ЖАҢЫЛЫКТАР 19.09.17.

19-09-2017 08:55

Бүгүн, 19-сентябрдагы жыйынында Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин кызмат ордуна талапкерди карайт. Ошондой эле бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлоруна көңүл бурат. 

«Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору бүгүн, 19-сентябрда Отун-энергетика комплекси жана жер казыналарын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында үчүнчү окууда талкууланат. Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси ЖК депутаты Кожобек Рыспаев.

Ысык-Көл районунун  Кожояр айылындагы жаңы ачылган  100 орундуу бала бакчасы мурда эски мектеп болчу. Анын оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлүп мектепке чейинки билим берүү мекемесине айлантылышын кубаныч менен кабыл алган Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Балдардын жаркын келечегинин башаты болгон бул бала бакчанын ачылышы Кожояр айылынын гана эмес, жалпы Ысык-Көл облусунун жетишкендиги. Себеби, татыктуу билим-тарбия алган ар бир наристенин келечеги кеӊ болот. Натыйжада, эл-жеринин керегине жараган уул-кыздар өсүп чыгат", - деди. Ошондой эле Төрага мамлекет тарабынан мектеп курагына чейинки балдардын өсүшүнө өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгилеп: "Билим алууга керектүү жабдуулар менен камсыздагандан тышкары, наристелердин тамак-ашын да сапаттуу кылууга болгон аракеттер тынымсыз көрүлүп келет. Бардык тиешелүү витаминдер кошулган азыктарды жеген балдардын ою да, бою да өсөт деген ишеничтемин", - деп кошумчалады. Андан тышкары, наристелерге кеӊ келечек каалаган Чыныбай Турсунбеков, бала бакчага жеке резервдик фондунан 100 миӊ сом тапшырды. Белгилей кетсек, эске имаратты бала бакчага айлантуудагы оӊдоп-түзөө иштерине Ысык-Көл өнүктүрүү фонду 32 миллион сом бөлсө, керектүү эмеректер үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши 1 миллион 500 миӊ сом өлчөмүндө каражат берген.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылындагы бала бакча 1 гектар жери менен текейден арзан баага сатылып кеткенин депутат Алмасбек Акматов буга чейин “Ар түрдүү маселелер” саатында көтөргөн болчу. Эми ошол айтылган сындан жыйынтык чыгыптыр. КР Өкмөтү менен Башкы прокуратурасынын ыкчам аракетинин негизинде аталган бала бакча элге кайтарылганын айткан депутат тиешелүү жактарга ыраазычылыгын билдирди.

                            СНХ.А.АКМАТОВ

Кечээ, 18-сентябрдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карады. Бул багытта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин статс-катчысы Нуржан Бардинованын баяндамасы угулду. Ошондой эле тармактык комитет «Медиа Холдинг Пирамида ЖЧКсын Парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карады. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу  маалымат берди. Анын айтымында, аталган телеканал парламенттеги жалпы жыйындарды түз алып көрсөтүп жатат. Бир жыл ичинде телеканалдан парламенттин ишмердүүлүгү көп чагылдырылды. “Пирамида” Жогорку Кеңештин карамагына өтө турган болсо, парламент аркылуу каржыланат жана көзөмөлдөнөт. Жалпы жыйындан сырткары фракция, комитет жыйындары, коомдук талкуулар дагы түз алып көрсөтүлөт. Депутат  Дастан Бекешев 5-канал парламенттик телеканал болуп эсептеле турганын эскертти. “5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгарып,Пирамиданы” парламенттик кылуу керек”, - деди. Жыйынтыгында депутаттар бул маселени изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү керек деген чечимге келишти.

Депутат Кубанычбек Нурматов паспорт берүүдө эл аралык паспорттун түрү жең ичинен каражат жасоонун элементине айландыбы? – деген суроону көтөрүп, жону жука элге кайыш урбайлы, - дейт.

                           СНХ.К.НУРМАТОВ

23-сентябрь кыргыз тилинин мамлекеттик статуска ээ болгон күнү. Мына ушул датага  арнап 1 млн. мектеп окуучуларынын арасында кыргыз тилинде тиешелүү тандалган тема боюча дилбаян жазуу сынагын өткөрүү керек. Мыктыларына кызыктыруучу байгелерди ыйгарып, жазылган баяндарды топтоп китеп кылып чыгарсак эмнеге болбосун? – деген сунушту көтөргөн депутат К.Иманалиев, - жакшы кийинген кыргыз эмес, жакшы сүйлөгөн кыргыз үлгү болуш керек, - дейт  “Парламент” радиосунун түз эфиринде. 

                         СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ  

SMS билдирүүлөрдү, социалдык тармактардагы пикир алышууларды көбүрөөк кыргыз тилинде жазган жакшы. Себеби, бул аркылуу компьютерге ошончолук кыргызча сөздөрдүн көп жыйналышына шарт түзөт. Электрондук сүйлөшмө сөздүктөр да даярдалды, - дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Медер Аким уулу.

                        СНХ.М.АКИМ УУЛУ

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 19-cентябрда күн ачык болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге жетет. Абанын температурасы  Чүй: 23…28; Талас, Нарын: 21…26; Ош, Жалал-Абад, Баткен: 25…30; Ысык-Көлдө 17…22; Нарын 21…26; бийик тоолуу райондордо 9…14 градус жогору болот. Бишкекте 19-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын табы 26…28 градуска чейин жогорулайт.

Көрүүлөрдүн саны : 66

Окшош жаңылыктар