ЖАҢЫЛЫКТАР 18.09.17.

18-09-2017 09:24

Төрага Чыныбай Турсунбеков Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Савитри менен жолугушту. Тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулашып, алакаларды мындан ары арттыруу маселелери тууралуу ой бөлүштү. Айрыкча, жолугушууда парламенттик демкоратияны куруу жана өнүктүрүү, ошондой эле, туризм, саламаттыкты сактоо, маданият, соода-экономика жаатында тажрыйба алмашуу менен кызматташтыкты кеӊейтүү тууралуу  сөз жүрдү. Төрага Чыныбай Турсунбеков Индиянын парламентаризмди куруудагы бай тажрыйбасын эске алуу менен парламенттер аралык тыгыз байланыштардын алкагында, эки тараптуу алакаларды жигердүү өнүктүрүү керектигин белгиледи. "Парламенттер аралык өнөктөштүктү өөрчүтүү үчүн бардык шарттар жана механизмдер, анын ичинде укуктук негиздер да бар. Жогорку Кеӊеште Индия менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу түзүлүп, эки парламент ортосунда ишенимдүү мамилени камсыздоо багытында тиешелүү иштер жүргүзүлүп келет", - деди Чыныбай Турсунбеков. 

Ошондой эле Төрага, илимий-техникалык багытта, өзгөчө Индиянын дүйнөдөгү башкы артыкчылыгы болгон IT-технология жаатында алакаларды арттыруу зарылчылыгына токтолду. Өз кезегинде Индиянын Кыргызстандагы элчиси Лакшманан Савитри эки өлкөнүн кызматташтыгы саясий жана парламенттер аралык алакалардын гана алкагында эмес, соода-экономика, туризм жана инвестициялык байланыштар сыяктуу бир катар тармактарда да келечектүү мүмкүнчүлүккө ээ экендигин билдирди. Андан тышкары элчи Кыргызстандын "Таза Коом" долбоорун ишке ашыруу үчүн Индиянын "Санарип Индия" долбоорунун тажрыйбасынан пайдалануу менен биргелешип иш алып барууга болорун кошумчалады. Ошондой эле Төрага Чыныбай Турсунбековду расмий иш сапар менен Индияга келип кетүүгө чакырды.  

Бүгүн, 18-сентябрдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карайт. Бул багытта  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбиясы жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин директору Канат Аманкуловдун баяндамасы угулмакчы. Ошондой эле тармактык комитет «Медиа Холдинг Пирамида ЖЧКсын Парламенттик телеканал кылып кайра түзүү маселесин карайт. Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма-сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунун  маалымат берет.

Депутат Э.Байбакбаевдин пикиринде курамында ГМО камтылган азыктарга өтө кылдаттык менен мамиле кылуу керек. “Бул келечек урпактарга таасир эте турган жагдай. Курамында ГМО камтылган баардык арзан продукциялар биздин өлкө үчүн болуп жаткандай. Биз ГМОнун таштандысында калып калбайлы”,- деген тынчсыздануусун ортого салды. Ошондой эле эл өкүлү азык-түлүк коопсуздугу маселелери боюнча бизде гендик-модификацияланган организмдерди аныктоочу лабораториялар барбы?- деген суроону  да койду.

                                      СНХ.Э.БАЙПАКБАЕВ

Кыргыз тили астрономиянын, космостун тили. Муну ай-күн аталыштары ачыктап турат. Дегинкиси дүйнөлүк практикада тил жашап кетиши үчүн ошол тилде сүйлөгөн кишилердин эсеби жок дегенде 5 млн. болууга тийиш. Биз ошол алкактын айланасында турабыз, - дейт депутат Каныбек Иманалиев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                                     СНХ.К.ИМАНАЛИЕВ 

Депутат Зиядин Жамалдинов,-“Кыргызстанда жашап туруп, кыргыз тилине кайдыгер караган көз караш болбош керек. Муну айттырбай түшүнгөн айрым өзбек мектептерге балдарын берген ата – энелер кыргыз класстарын ачууну суранышууда. Себеби, Өзбекстан латын арибине өтүп кеткен. Бул жакта жашаган өзбөк улутундагылар туруктуу жерин өзгөрпөсүн билип, кыргыз тилине болгон суроо-талап жогорулап жаткандыгын туура түшүнүшүүдө”, - дейт.

                                      СНХ.З.ЖАМАЛДИНОВ  

Компьютердик тутумга салынган 106 тилдин катарындагы кыргыз тилин канчалык колдонуучулар көп болсо, бул анын жашап кетүүсү үчүн жакшы. Ошол максатта Google тиркемесине кыргызча бир топ сөздөр кошумчаланган. Ал жерде канчалык көп сөздөр болсо бул котормонун сапатын арттырууга жакшы. Википедияда да 12 миң сөз айкаштарынан тартып макалаларга чейин топтолду, - дейт Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Медер Аким уулу.

                                     СНХ.М.АКИМ УУЛУ  

“Жерүй” алтын кенинин эсебинен курулуп жаткан жүз мектептин айрымдарынын курулушу башталып, бүтпөй турат”,- деген депутат Гүлкан Молдобекова Талас облусунун Талас районундагы мектептерди мисалга келтирди.

                                     СНХ.Г.МОЛДОБЕКОВА

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Акман айыл аймагындагы бала бакчанын котлованы казылган бойдон токтоп калганын депутат Таалайбек Масабиров айтты.

                                     СНХ.Т.МАСАБИРОВ

                                  АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 18-сентябрда өлкөнүн айрым аймактарында бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: 22…27, Ош, Жалал-Абад, Баткен::24…29, Ысык-Көл:18…23, Нарын:21…26, бийик тоолуу райондордо 7…12 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 18-сентябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы 25…27 градус жылуу болот.

Көрүүлөрдүн саны : 65

Окшош жаңылыктар