ЖАҢЫЛЫКТАР 15.09.17.

15-09-2017 08:26

Жакында улуттук маданиятыбызда, анын ичинде кинематография тармагында дагы бир жагымдуу окуя болду. “Биз баарыбыз жаӊыдан тартылган «Саякбай» кинотасмасынын бетачарына күбө болдук. Ага улай, нукура улуттук философияга сугарылган «Саякбай» кинофильми Канадада өткөн киносынактын баш байгесин утуп келди”,- дейт депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында.

                                СНХ.О.АРТЫКБАЕВ

Ар бир үй-бүлөнүн өзүнчө ыйы бар дегендей, калкыбыздын басымдуу бөлүгү насыяга байланып калган. Бул жыргаган турмуштан эмес, - дейт депутат Акылбек Жапаров парламенттин кечээки жыйынында Улуттук банк төрагасынын талапкерлиги каралып жатканда.

                                СНХ.А.ЖАПАРОВ

“Кандай гана мамлекет болбосун, ал тили менен улуу”,- деген депутат Рыскелди Момбеков мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жумшалган 142 млн сомго эмне иштер аткарылганы белгисиз,- деп сын айтты. Анын пикиринде, бул каражаттардын кайсы багыттарга жумшалганын аныктап чыкмайын, келерки жылдын бюджетинен каражат карабоо керек,- дейт эл өкүлү.

                               СНХ.Р.МОМБЕКОВ

Нарын ГЭС каскаддарын курууга тандалып алынган Чехиянын “Liglass Trading CZ” компаниясынын ГЭС куруу жаатында эч кандай тажырыйбасы жоктугун айткан депутат Жанарбек Акаев КР Өкмөтү аталган компанияга адвокат болуп жатканын сынга алды.

                               СНХ.Ж.АКАЕВ

Депутат Тазабек Икрамов окуучулар мектепте жүргөн учурда жөнөкөй гана телефон колдонгону жакшы, - деп сунуштоодо. Өз сөзүндө депутат, - мектепке барган балдардын сабакка катышып-катышпагандыгы тууралуу маалыматты мугалимдер ата-энелерге атайын SMS билдирүүлөр аркылуу, же ватсаптагы атайын тайпалар аркылуу кабарлап турганы жакшы болмок, -дейт.

                              СНХ.Т.ИКРАМОВ

Кыргыз-түрк лицейлери болсо эбактан бери эле окуу учурунда балдардын уюлдук телефон колдонуусуна эч кандай уруксаат бербейт. Бул жеке менчик мектептин чыгарган чечими. Башка мектептер үчүн деле бул шартты колдонсо пайдасынан башка зыяны тийбес эле, - дейт ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Марат Сапаев “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                             СНХ.М.САПАЕВ

“Камкор энелердин клубу” долбоорунун пиар –менеджери Мадина Нурадин кызынын айтымында, азыркы тапта россиялык программанын негизинде балдардын коопсуздугун камсыздап, ошол эле учурда алардын кажети жок сайттарга киришине тоскоолдук жараткан долбоор иштелип чыгууда. Аны колдонууну каалагандар балдардын кайсыл интернет-порталдарды колдонуп жатышкандыгынан, кооптуу аймактарга туш болуп калуусунан коргоочу белгилерге ээ болуп, убак-убагы менен маалымат алып турушат. Белгисиз чалуулар боюнча да билдирүүлөр ата – энелердин телефонуна кабарланат.

                              СНХ.М.НУРАДИН                 

                         АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-cентябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас: +22...+27 жылыйт. Ош, Жалал-Абад:+25...+30, Баткен:+26...+31 ысык болот. Ысык-Көл:+19...+24, Нарын: +20...+25, бийик  тоолордо +8...+13 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-сентябрда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +25...+27 градус жылуу болот.

 

Көрүүлөрдүн саны : 64

Окшош жаңылыктар