Эл аралык донорлор бир катар кичи шаарлардын таза суу менен камсыз кылуу багытында каражат бөлөт

14-09-2017 13:03

Жогорку Кеӊеште Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарларынын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумун реабилитациялоо долбоору боюнча насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы жактырылды.

Майлуу-Суу, Токтогул, Балыкчы, Өзгөн шаарлары суу түтүктөрдүн жана саркынды суу түтүктөрүнүн эскирүүсүнө байланыштуу реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Ошондон улам, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган долбоорду колдоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Майлуу-Суу шаарынын долбоорунун жалпы суммасы 6,65 млн еврону жана 1,6 млн долларды, Токтогул шаарынын долбоору 5,3 млн еврону жана 1,21 млн долларды, Балыкчы шаарынын долбоору 5,3 млн еврону жана 1,21 млн долларды, Өзгөн шаарынын долбоору 8,5 млн еврону жана 2,75 млн долларды, түзөт. Бөлүнө турган каражаттын бир бөлүгө жеӊилдетилген насыя, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналат.

Бир катар эл өкүлдөрү насыя каражаттары ким тарабынан кантип төлөнө турганына кызыгышты. Өкмөт өкүлү насыя каражатын эл аралык каржы донорлоруна Каржы министрлиги тарабынан төлөнөрүн, Каржы министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан төлөнө турганын билдирди. Депутат Экмат Байбакпаев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каражат тартыш болгондуктан, мындай төлөм механизми кыйла ийкемдүү экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бул келишимдер тармактык комитетте каралып жатканда, депутат Акылбек Жапаров Каржы министрлигин кыска мөөнөттүү карыз алып жатканы үчүн сынга алган. “Акыркы мезгилде насыялар 10-15 жылга чейинки мөөнөт менен алына баштады. Аны төлөй турган убак тез эле келип калат. Абайлаш керек, аны өз маалында төлөй албай каласыӊар. Насыяны 20-25 жылдан аз мөөнөткө албаш керек”, - деп, ал насыянын пайыздык үстөгүнө да көӊүл буруу зарылдыгын белгилеген.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 124

Окшош жаңылыктар