Бразилия жана Марокко менен макулдашуулар 2-окууда добуш берүүгө жолдонду

14-09-2017 12:43

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында макулдашуулар багытындагы мыйзам долбоорлору каралды.

- «Бишкек шаарында 2017-жылдын 26-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бразилия Федерациялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык, расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору;

- «2017-жылдын 30-мартында Рабат шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» КР мыйзам долбоору.

Ратификациялык мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери Бразилияда 90 күн, Мароккодо 30 күн каттоосуз жүрө алышат.

Мыйзам долбоорлору 2-окууда жактырылды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 54

Окшош жаңылыктар