Депутат Осмонбек Артыкбаев: «Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды баалай билишибиз керек»

14-09-2017 10:35

Жакында улуттук маданиятыбызда, анын ичинде кинематография тармагында дагы бир жагымдуу окуя болду. Биз баарыбыз жаӊыдан тартылган «Саякбай» кинотасмасынын бетачарына көбө болдук. Ага улай, нукура улуттук философияга сугарылган «Саякбай» кинофильми Канадада өткөн киносынактын баш байгесин утуп келди. Бул тууралуу депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызга өзгөчө көӊүл буруп, сактай жана баалай билишибиз керек. Баарын коюп, макал-ылакаптарыбызды эле алып көрөлү, аларда Конфуций менен Канттан кем эмес чыныгы элдик тереӊ философия камтылган. Аларды кеӊири алып чыгып, дүйнөгө таанытууга тийишпиз. Ошондо кыргыз элинин даанышмандыгы тууралуу маалымат алышат. Бул боюнча мамлекеттик программа кабыл алыш керек», - дейт депутат.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 111

Окшош жаңылыктар