Депутат Пархат Тулендыбаев: «Коопсуз шаар» долбоору айрым бир адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам создуктурулуп жатабы?»

14-09-2017 10:12

Акыркы жылдары жол кырсыгы кыйла көбөйүп кетти. «Коопсуз шаар» долбоорун ищке ашыруу маселеси соттук териштирүүлөрдөн жана каржы жетишсиздигинен улам создугуп келет. Өкмөт каржы маселесин чечип, долбоорду тезинен жүзөгө ашыруу чарасын колго алышы керек. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Азыр «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу жаатында кандай аракеттер жасалууда? Эмне, иш айрым бир адамдардын жеке кызыкчылыгынан улам создуктурулуп жатабы? Өкмөт ай сайын бул багытта көрүлүп жаткан чаралар тууралуу ырааттуу маалымат берип турушу керек. Болбосо, абал улам оорлошуп барат. Өткөн жылы жол кырсыгынан 938 киши каза болуптур», - дейт эл өкүлү.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 53

Окшош жаңылыктар