Ишкерлерди текшерүү тартиби административдик жол-жоболорго шайкеш келтирилүүдө

13-09-2017 09:47

Жогорку Кеӊеште ишкерлерди текшерүү жүрүмүн ыраатташтырууга багытталган “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Өкмөт.

“Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдын жоболорун “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамдын административдик актыларды милдеттүү түрдө сотко чейинки тартипте даттанууну киргизүү бөлүгүнө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбооруна ылайык, текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим, текшерүүчү кызмат адамынын аракети жана ыйгарым укуктуу органдын чечими “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” мыйзамда каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

 

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 267

Окшош жаңылыктар